Министр Кожанын билдирүүлөрү

Министр Кожа борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө, дельта варианты Түркиянын 26 провинциясында байкалганын айтты.

1667052
Министр Кожанын билдирүүлөрү

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Түркиядагы спорттук мелдештерди көрүүчүлөрдүн санын аныктоо менен ойнотууга боло тургандыгын жарыялады.

Министр Кожа борбор шаар Анкарада жасаган билдирүүсүндө, дельта варианты Түркиянын 26 провинциясында байкалганын, «Дельта плюс жок, бирок дельта варианты көбөйүүдө. Мен 138 бейтапты атадым, алардын ырааттуулугу аныкталды, азыр 224кө чейин көбөйдү. 16 провинцияда байкалган дельта варианты азыр 26 провинцияда байкалууда. Басымдуу түрдө Стамбулда болуп 224 дельта оорулуусу бар жана алардын 134ү Стамбулда»,-деди.

Министр Кожа Твиттер баракчасында да бөлүшүп, «Ар бир 4 кишиден бири эмдөөдөн өттү. Вакцинанын эки дозасын алган адамдардын саны бүгүн түшкө маал 15 миллионго жетти. 18 жаштан жогорку курактагы калктын 25 пайызы эмдөөдөн өтүштү. Биздин эпидемияга каршы күч-кубатыбыздын жогорулашы көрсөткүчтүн жогорулашына байланыштуу. Эмдөөдөн өтөлү»,деген сөз айкаштары камтылган.



Тектеш кабарлар