Фидан Жаңы Зеландиянын вице-премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Фидан Жаңы Зеландиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Уинстон Петерс менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2132596
Фидан Жаңы Зеландиянын вице-премьер-министри менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуу согуш болуудан чыгып, дүйнөдө зулумдар менен эзилгендердин күрөшүнө айланды»,-деди.

Фидан Тышкы иштер министрлигинин Стамбулдагы өкүлчүлүгүндө Жаңы Зеландиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Уинстон Петерс менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Палестинанын мамлекет катары таанылышы темасында Түркия менен өнөктөштөрүнүн ортосунда тыгыз кызматташтык бар экенин баса белгилеген Фидан, дем алыш күндөрү Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядга сапарында Ислам Кызматташтык Уюму жана Араб Лигасы тарабынан түзүлгөн Сүйлөшүү тобунун берки мүчөлөрү менен жолугуша тургандарын айтты.

Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн башка өлкөлөр менен да чогулуп эмне кылуу керектиги боюнча иштерди уланта тургандарын билдирген Фидан: «Эгерде биз эл аралык коомчулукту, өзгөчө Палестина мамлекетин маанилүү саясий кадамдарга мобилизациялай албасак, бул башыбыздан өткөрүп жаткан үчүнчү Газа согушу, эң ырайымсыз согуш... Бул акыркысы болбойт. Ошондуктан туруктуу чечимди алып келүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз»,-деди.

Газадагы азыркы мыкаачылыкты токтотуу, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн достор, шериктештер жана эл аралык коомчулук менен көптөгөн тармактарда иштешкендерин маалымдаган Фидан: «Израилдин Газаны басып алуусу жана андагы адамдардын өлтүрүлүшү, шейит болушу, 35 миң бейкүнөө адамдын каны, баскынчылыкка каршы каршылык көрсөтүү маселеси эми Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышуу эмес зулумдар менен эзилгендердин күрөшүнө айланды. Эл аралык системанын негиздөөчүлөрү менен эл аралык система тарабынан эзилген жана четтетилген актерлордун ортосундагы күрөшкө айланды»,-деди.



Тектеш кабарлар