ТРТ ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮСҮ

ТРТ ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮСҮ

           Көп сандаган улуттук жана аймактык телекөрсөтүү каналдары орун алган чөйрөдө Түркия жана дүйнөгө «туура жана тарапсыз» кабарларды берген ТРТ; билим берүү, маданият, даректүү фильм, драма, спорт, музыка жана көңүл ачуу программалары менен Анадолунун 99 пайызына жана чек ара тышына чейин жетип, ар бир жаш курактагы көрүүчүлөргө карата берүүлөрү менен кызмат кылып жатат.

         ТРТ берүүлөрү; ар кандай жаш курак, кесип, билим жана маданий деңгээлдеги  көрүүчүлөргө туура, тарапсыз, түшүнүктүү кабарларды учурунда берүүнү, билим алуу жана маданий өнүгүүсүнө салым кошууну, көңүл ачып жатып билим берүүнү жана эң кенен жайылган формасы менен улуттук маданий бүтүндөшүүгө шарт түзүүнү максат кылууда.

TRT 1

ТРТ – 1» Бул каналүй–бүлө каналы. Түркиянын эң көп көрүлгөн телекөрсөтүү каналы «ТРТ–1» үй – бүлө каналы форматында; билим берүү, маданият, драма, музыка, көңүл ачуу, спорт жана кабар программалары орун алган берүүлөрү менен Түркиянын бардык катмарына кайрылат. «ТРТ–1» 99,9 пайыздык камтуу аянты менен Түркиянын бардык жеринде, спутник жана интернет аркылуу бүткүл дүйнөдө.

TRT WORLD

TRT-WORLD» Дүйнө жүзүндө толугу менен англис тилинде эфирге чыккан канал. «TRT WORLD», тайманбас жана адамга багытталган кабар түшүнүгү менен берүүлөрүн улантууда.

TRT HABER

TРT-ХАБЕР»   Актуалдуу кабар, саясат, анализ, талкуу, спорт, даректүү тасма, маданият жана көркөм өнөрдүн жаңы деми «TРT-ХАБЕР», ТРТ тажрыйбасы менен экрандарыңыздарда. Туура жана тарапсыз болууну принцип кылып алган «ТРТ–ХАБЕР» турмуштун бардык жактарын эфирге алып чыгат. Сиздер да туура кабар алуу укугуңуздардан пайдаланыңыздар. Кабардын экраны «ТРТ-ХАБЕР» бардык жерде...

TRT SPOR

«ТРТ-СПОРТ» 2010-жылдын август айында эфирге чыга баштаган «ТРТ-Спорт» каналы, улуттук жана эл аралык бардык спорттук таймаштарды жана мелдештерди түз эфирден же тасмадан экранга чыгарып, спорттун бардык тармагына өзгөчө маани берет.

TRT AVAZ

«ТРТ–АВАЗ» 2009-жылымарт айында башталган Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Босния – Герцеговина, Албания жана Түркиядан турган 8 өлкөдөн жана бул өлкөлөргө таандык 8 тилде, Ыраакы Чыгыштан Балкан өлкөлөрүнө чейин созулган аймактажашаган түрк дүйнөсүнө карата берүүлөрүн эфирге чыгарган канал, Түркия менен башка түрк республикаларынын арасында тил жана ой-пикир биримдигин түзүп жатат. Бир топ түрк  тилинде үн деген маанини берүүчү «АВАЗ» сөзү, түрк республикаларынын орток үнү катары Жакынкы Чыгыштан Кавказга чейин 27 өлкө жана 13 автономиялуу республикада 250 миллион калктуу аймакка кайрылат.

TRT ÇOCUK

 Замабап түрк балдарынын анимациядан музыкага, кабардан спортко чейин бардык муктаждыктарына жооп берген бул канал, физиологиялык, акыл– эстик, нравалык жактан бекем муундардын тарбиялануусуна салымын кошууну максат кылууда.  Дүйнөлүк педагогикалык нормаларда сапаттуу, заманбап жана жооптуу медиа түшүнүгү менен балдардын өнүгүүсүндө колдоочу жана жол көрсөтүүчү болууну принцип кылып алган «ТРТ –Балдар» каналы, түрк тилинин жана маданиятынын туура таанытылуусун, балдардын ойноо менен, көңүл ачуу менен билим алуусун жана тарбиялануусун максат кылат.

TRT BELGESEL

«ТРТ-ДAРЕКТҮҮ ТАСМА» Түркияны англис, немец, француз, орус жана түрк тили менен беш башка тилде дүйнөгө тааныткан «ТРТ-Даректүү тасма» каналы тарых, коом, жаратылыш, экология, чөйрө, спорт, маданият-өнөр, илим, технология тармактарында даректүү тасма программаларын эфирге чыгарат. Өткөн күндү келечекке өткөргөн жана жаратылыштын изин иликтеген канал 2009- жылы 17- октябрда берүүлөрүн баштаган.

TRT MÜZİK

«ТРТ–Музыка» Түркиянын жана дүйнөнүн музыкасын жолугуштурган каналда конкурстук программалар, музыкалык даректүү фильмдер, концерттер, «Топ-10» жана түз эфир программалары берилет. 2009 – жылы 16- ноябрда башталган канал түрк элдик жана санат музыкасы басымдуу болушу менен бирге жергиликтүү жана чет элдик музыка берүүлөрү менен Түркиянын жана дүйнөнүн музыкасын ТРТ айырмачылыгы менен экрандарга алып чыгууда. 

TRT ARAPÇA

«ТРТ – ЭЛ АРАБИЯ» Түркиянын эл аралык жана өзгөчө аймак өлкөлөрү менен болгон карым – катнаштарына оң салымын кошууну максат кылуу менен жолго чыккан «ТРТ – ЭЛ АРАБИЯ», Түркия жана араб ааламынын орток тили,орток экраны, орток сезими болуу максатында ар бир курактан көрүүчүгө ылайыкташтырылган. Балдар, жаштар, аялдар, саламаттыкты сактоо, экономика, драма, даректүү тасма, спорт, музыка, кабар, маданият- өнөр, дин жана ахлак, көңүл ачуу программаларынан турган бай мазмуну менен 2010- жылы апрель айында эфирге чыга баштады.  Араб тилинде сүйлөгөн, 22 араб өлкөсү жана араб тилдүүлөргө карата берүүлөрүн эфирге чыгарган канал 350 миллион калкка ээ болгон араб өлкөлөрү менен Түркиянын арасындагы байланыштарды бекемдөөнү максат кылууда.

 

TRT TÜRK

Дүйнөгө басымдуу түрдө түрк тилинде берүүлөрүн эфирге чыгарган канал, Түркия менен түрк инсанын тааныткан программалары, кабар, маданият жана көркөм өнөр тууралуу берүүлөрү менен өлкө тышында жашаган жарандар жана тектештерибиздин Түркия жана ошондой эле түрк маданияты менен үзүлбөгөн байланыштарынын, маселелеринин колдоочусу, кайгы жана кубанычтарынын бөлүшүүчүсү... Дүйнөнүн кай жеринде болсоңуз болуңуз.

TRT KURDÎ

ТРТ эл аралык күрт тилинде берүүлөрдү эфирге чыгарган каналы менен Түркиянын эл аралык жана өзгөчө аймак өлкөлөрү менен болгон карым – катнаштарына оң салымын кошууда. Өлкөнүн биримдик жана бүтүндүгүн максат кылган, заманбап нормаларда бардык жаш курагындагы көрүүчүлөргө кайрылган күрт тилиндеги үй–бүлө каналы- «ТРТ-КУРДИ» 2009- жылы январь айында башталды.

TRT OKUL

«ТРТ-МЕКТЕП» 2011-жылдын январь айында эфирге чыга баштаган «ТРТ-МЕКТЕП» каналында Анадолу университети даярдаган сабак программалары жана билим берүү-маданият программалары менен катар, ТРТ тарабынан даярдалган ар кайсы жаш курагына багытталган билим берүү-маданият программалары, кыскача таанытуулар, жаштарга арналган ар түрдүү прогарммалар берилет.

TRT 3

Парламенттеги берүүлөр эфирге чыккан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) теле берүүсү  жана «ТРТ-Спорт» каналы, ТРТ-3түн экрандарында кезектешип орун алууда.