ТАРЫХ-ТАРЖЫМАЛЫБЫЗ

ТАРЫХ-ТАРЖЫМАЛЫБЫЗ

 

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) мамлекеттин атынан радио жана телеберүүсүн ишке ашырыш үчүн 1964-жылдын 1-майында атайын мыйзам аркылуу өз алдынча юридикалык касиет-сапаттары менен курулду. 1972-жылдагы конституциялык өзгөртүүлөр менен мекеме «тарапсыз» мамлекеттик экономикалык уюм катары аныкталды.

1982-жылдагы конституциялык беренелерге ылайык 1984-жылы Түркия радио жана телеберүү мыйзамы кайрадан оңдолду. Спутник берүүлөрү менен катар 1986-жылдан кийин Түркияга карай эфирге чыккан жеке менчик каналдардын пайда болушу ТРТнын 1990-жылга дейре уланган телекөрсөтүүлөрдөгү монополиясын жойду.

Конституциянын 133-беренесинин 1993-жылы өзгөртүлүшү менен жеке менчик радио жана телеберүүлөр эркин коюлуп жатканда ТРТнын өз алдынча юридикалык касиет-сапаттары кайрадан курулду. ТРТ учурда өз алдынчалуулугу жана тарапсыздыгы конституцияда мыйзам менен бекитилген, радиоберүү жана телекөрсөтүү менен бардык медиа каражаттарынан эфирге чыккан мамлекеттик тартиптеги медиа мекемеси катары кызмат кылууда.

Түркия радио-телеберүү мекемесинин курулганынан мурда алгач ирет Түрк рациялуу телефон акционердик коомуна караштуу түрдө аткарылган радио берүүлөрү 1964-жылы ТРТнын мекемесинин астына чогултулду. 1927-жылы 6-майда эфирин баштаган Стамбул радиосунан кийин 1928-жылы Анкара радиосу алгачкы берүүлөрүн баштады. Анкара жана Стамбул радиолору 1936-жылы 8-сентябрда ПТТга (Почта мекемеси) өткөрүлдү. ПТТга өткөрүлгөндөн кийин жибергичтери күчтөнгөн Анкара радиосу 1938-жылы 28-октябрда расмий түрдө иштетиле баштады. 1938-жылы октябрда берүүлөрүн убактылуу токтоткон Стамбул радиосу 1949-жылы 19-ноябрда кайрадан обого чыга баштады. 2-Дүйнөлүк согуш менен катар радиолор жаңы түзүлгөн Басма сөз башкы директорлугуна (Басма сөз, берүү жана туризм/маалымат башкы директорлугу) каратылды. 1950-жылы берүүсүн Измир мэриясына караштуу түрдө баштаган Измир радиосу, 1953-жылдан тарта  Басма сөз башкы директорлугуна караштуу түрдө обого чыгуусун улантты.

1960-жылдан кийин сегиз облуста Облустук радиолор курулду. Радио берүүлөрүнүн башкарылышынын өз алдынча жана мамлекеттик экономикалык уюм катары тартипке салынышын көздөгөн 1961-жылдагы Конституцияга ылайык 1964-жылы 359 номердүү мыйзам менен ТРТнын курамында уланган радио берүүлөрү, жибергичтеринин күчтөндүрүлүшү менен дагы кеңири эл катмарларына жана аянтка жетти. 1974-жылы ТРТнын борбордук жана аймактык радиолорунун бириктирилиши менен ТРТ-1, ТРТ-2 жана ТРТ-3 радио берүүлөрү түзүлдү.

Телекөрсөтүүлөр болсо 1968-жылы 31-январда Түркиянын алгачкы сыноо эфири Анкарадагы «Митхатпаша» студиясында Махмут Тали Өнгөрендин ачылыш сөз сүйлөөсү менен башталды. Жумасына 3 күн, үчтөн сааттан эфирге чыгарылган сыноо көрсөтүүлөрү 1 жылдан кийин жумасына 4 күн бериле баштады. 1970-жылы Измир телекөрсөтүүсү, анын артынан 1971-жылы Стамбул телекөрсөтүүсү иштей баштады.

1969-жылы космонавттардын Айга конушу жана Зеки Мүрендин Анкарада берген концерти телевизор экрандарына чагылышты. 1973-жылы болсо Түркия Республикасынын 2-Президенти Исмет Инөнүнүн жаназа зыйнаты түз алып берилди. 1974-жылы 20-июлда башталган Кипр Тынчтык кыймылынан бүтүндөй Түркия жана Европа ТРТ эфирлеринен кабардар болушту. Евровидение ыр жана обон сынагына Түркия алгач ирет  1975-жылы ТРТнын уюштуруусу менен кирди. 1978-жылы алгач ирет суу астынан тартуучу камераларды колдонуп «Тереңдиктердеги өтмүш» аттуу даректүү тасма түстүү фильмде тартылды. 1979-жылы 5 өлкөдөн 133 бала 31 лидер катышкан алгачкы 23-Апрель балдар фестивалы уюштурулду.

1974-жылы телекөрсөтүү программалары жуманын ар бир күнүндө берилип жатканда, берүүлөр өлкө калкынын 55 пайызын (19 миллион) жана өлкөнүн территориясынын 28 пайызын (210,861 km2) камтыды. Телевизордун Түркияга келишинин 10 жылдыгында ПТТ борборлоруна катталган телевизор алуучу саны 2 миллион 250 миңге жетти. Өлкө ичинен берилген жана чет өлкө менен түзүлгөн макулдашуу, берүү, жаздыруу жана чогултуу процедураларын жасай алган Евровидениеге байланышкан борбор 1982-жылы кызматын баштады. Барган сайын арткан берүү сааттары менен бирге экран 1981-жылы 31-декабрда жаңы жыл түнүнөн тартып түстөнө баштады жана 1984-жылдан тарта толугу менен түстүү берүүлөргө өттү.

1986-жылы телеберүүнүн 2-каналы ТРТ-2 эфирин баштады. 1987-жылы «Интелсат» спутнигинен ижарага алынган өткөргүчтөн ТРТ-1 жана ТРТ-2 программалары спутник жолу менен бүтүндөй Түркияга жетти. ТРТ-3 жана «ГАП-ТВ» 1989-жылы кызматын баштады жана ТРТнын канал саны 4кө жетти. 1990-жылы болсо билим берүүгө басым жасалган канал ТРТ-4 менен Европада жашаган түрк жумушчуларына багытталган «ТРТ-ИНТ» берүүлөрүн баштады. 1993-жылы Кавказ жана Орто Азияга карай программалар орун алган «ТРТ-ЕВРАЗИЯ» каналы, 1995-жылы Түркия Парламентинин каналы «TBMM TV» эфирге чыга баштады.

1998-жылы алгачкы чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүбүз ТРТ Германия-Берлин өкүлчүлүгү ачылды.  Муну менен катар 1999-жылы Түркмөнстан-Ашкабат өкүлчүлүгү, 2000-жылы Азербайжан-Баку, Египет-Каир жана Бельгия-Брюссел өкүлчүлүктөрү ачылды.

2002-жылга келгенде 6-чет өлкөдөгү кеңсе АКШ-Вашингтондо, 2004-жылы да Өзбекстан-Ташкентте кеңсеси ачылды.

1999-жылы «ТРТ- SAYTEK» (Санариптик берүү технология борбору) курулуп интернет барагы www.trt.net.tr адреси менен берүүсүн баштады.

2003-жыл мекемебиз үчүн дагы Түркия үчүн дагы унутулгус жыл болду. ТРТ өлкөбүздүн атынан катышкан 48-Евровидение ыр сынагын Сертап Эренердин аткаруусундагы «Every Way That I Can» ыры менен жеңип алды.

Чет өлкөдө да таасирдүү эфири болгон мекемебиз 2004-жылы (ABU) Азия-Тынч океан берүү биримдиги, Азиявижн келишимине кол койду.

2008-жылы 1-ноябрда Түркиянын алгачкы жана жергиликтүү балдар каналы өзгөчөлүгүнө ээ болгон «TRT Çocuk» эфирин баштаса, 2009-жылдын 1-январында ар башка тил жана диалекттерде эфирге чыккан алгачкы канал «ТРТ-6» күрт тилинде эфирге чыга баштады. Бул каналдын аты 2015-жылы «ТРТ-Курди» деп алмаштырылды.

2008-жылы 20-ноябрда ишке кирген www.trtvotworld.com, 31 тилде кабар берүүсү менен жаңы медиа кызмат чөйрөсүндөгү берүүчүлөр тармагында дүйнөдө 5-орунду алды. Бүгүнкү күндө берүүсү багытталган аймак жана бүткүл дүйнө тууралуу акыркы маалыматтар, адистердин көз караштары да орун алган кеңири, тарапсыз жана туура мазмуну менен 41 тилде дүйнөлүк коомдук пикирге сунушталууда.

Балкан өлкөлөрүнөн Орто Азияга чейин, Жакынкы Чыгыштан Кавказга чейин 27 өлкө жана 13 автономиялык республикада орто эсеп менен 250 миллион калктуу аймакка кайрыла турган «ТРТ-АВАЗ» каналы 2009-жылы 21-мартта эфирин баштады. Түркчө, азербайжан түркчөсү, казакча, кыргызча, өзбекче жана түркмөнчө программалары менен берүү аймагындагы бардык өлкөлөр орун алган жана ар бир өлкөдөн көрүүчү өзү жөнүндө бир нерселерди таба алган «орток канал» болду.

«ТРТ-Түрк», 2009-жылы 8-майда эл аралык түрк тилинде кабар жана маданият каналы өздүгү менен берүүлөрүн баштап, ошол эле жылы сыноо берүүлөрүн баштаган «ТРТ-Анадолу» болсо ТРТ менен Жергиликтүү жана аймактык телеберүүлөр биримдигинин биргелеше эфирге чыга турган каналы катары көздөлдү. «ТРТ-Анадолу», 2012-жылы Рамазан айында 24 саат үзгүлтүксүз эфирге чыккан «ТРТ-Дин» каналына айландырылды. 2009-жылдын 16-ноябрында башталган «ТРТ-Музыка», түрк музыкасы басымдуу болушу менен бирге өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү жана чет элдик музыка берүүлөрү менен Түркиянын жана дүйнөнүн музыкасын ТРТ айырмачылыгы менен экрандарга алып чыкты.

«Күбө болууга даярсынбы?» урааны менен 2009-жылы 17-октябрда эфирин баштаган «ТРТ-Даректүү тасма» каналы Түркияны, англис, немис, француз, орус жана түрк тилдеринде дүйнөгө таанытууда.

2009-жылы айрыкча «Радио-6», «ТРТ-Нагме», «ТРТ-Анкара Кент радиосу», «ТРТ-Түркү» менен «ТРТ-Европа FM» радиолору обого чыга баштады.

ТРТ, Европа жана дүйнөнүн алдыңкы кабар каналдарынан «Euronews» менен кызматташтыкка кол коюп «Euronews» каналынын чоң өнөктөштөрүнүн арасына кирди жана «Euronews» кабар каналы 2010-жылы январда 9-тил катары түркчө берүүлөрүн баштады.

2010-жылы 18-мартта «ТРТ-Хабер» каналы эфирин баштаса, араб тилинде эфирге чыккан «ТРТ–ETTÜRKİYYE» каналы, араб өлкөлөрүндө эң көп көрүлгөн канал болууну максат коюп 2010-жылы 4-апрелде эфирин баштады. Канал 2015-жылы «ТРТ-Эл Арабия» деп аталды.

Берүү сапатында келип жеткен эң жогорку чек болгон HD берүүсү менен эфирге чыккан ТРТ- HD каналы басмдуу түрдө спорт, даректүү тасма менен киного орун берүүдө.

2010-жылдын август айында башталган «ТРТ-Спорт» каналы, улуттук жана эл аралык бардык спортттук мелдештерди жана уюштурууларды түз эфирден же тасмадан экранга чыгарып жатып, спорттун бардык тармагына өзгөчө маани берүүдө.

2011-жылы январда эфирин баштаган «ТРТ-Мектеп» каналы болсо ар түрдүү жаш курактарына карай даярдалган билим берүү жана маданият программалары менен технология жана билим берүү каналы.

ТРТ, учурда 14 телеканалы, 5 улуттук, 5 аймактык, 3 эл аралык жана 3 жергиликтүү радио станциясы, trt.net.tr жана 41 тилде даярдалган www.trtvotworld.com аттуу веб барактары, телетекс берүүсү, «Телевизор», «ТРТ балдар» жана «Радио көрүнүшү» аттуу басмадан чыккан журналдары менен Түркия жана дүйнөдө эфирге чыгууда.