Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.

2132265
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израиль башкаруучулугунун өз саясий келечеги үчүн кагылышууларды бүткүл аймакка жайылтууга аракет кылганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду кабыл алды.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, жолугушууда Түркия-Казакстан карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык көйгөйлөр, Израилдин Газага кол салуулары жана аймактагы акыркы абал каралды.

Президент Эрдоган, Израиль башкаруучулугунун өз саясий келечеги үчүн кагылышууларды бүткүл аймакка жайылтууга аракет кылганын, биринчи максаттын тез арада жана туруктуу ок атышпоону камсыз кылуу экенин, Газадагы жарандарга гуманитардык жардам жеткирилиши үчүн Түрк Мамлекеттер Уюмунун дагы кеңири кызматташа аларын айтты.  

Эрдоган Казакстан менен өзгөчө коргоо өнөр жайы, терроризмге каршы күрөш, экономика жана башка тармактарда карым-катнаштарды өнүктүрүүнүн маанилүү экенин да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар