ЕБ комиссиясынын мүчөсү Түркия менен карым-катнаштарды чыңдоого басым жасады

Элиза Феррейра Газиантеп губернатору Кемал Чебер жана шаардык муниципалитеттин башчысы Фатма Шахин менен жолугушту.

2132431
ЕБ комиссиясынын мүчөсү Түркия менен карым-катнаштарды чыңдоого басым жасады

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын мүчөсү Элиза Феррейра Түркия менен ЕБнин ортосунда дагы да бекемделген карым-катнаштардын, кызматташтыктын пайда болушу үчүн жакшы башталгыч мезгил экенин айтты.

Элиза Феррейра Газиантеп губернатору Кемал Чебер жана шаардык муниципалитеттин башчысы Фатма Шахин менен жолугушту.

Феррейра жолугушуудан кийин журналисттерге, Түркиянын Европа Биримдигинин жана ЕБнин Түркиянын чоң өнөктөшү экенин айтып, сөзүн мындай улантты: «Өзгөчө кызматташтык жана туруктуулук, ар дайымкыдан маанилүү болуп турганда бул кызматташтыкты бекемдөө абдан маанилүү. Пандемия бүттү, айланабызда согуштар уланып жатат жана Түркияда (2023-жылдын 6-февралында) жер титирөө болду. Ошондуктан Түркия менен Евробиримдиктин ортосунда дагы да бекемделген карым-катнаштар кызматташтыктын пайда болушу үчүн жакшы башталгыч мезгил жана убакыт. Евробиримдик Түркиянын абдан маанилүү соода өнөктөшү болуп саналат. Эки блок тең биргелешип стабилдүү өнүгүүгө карай жылып, жаш жарандарына жакшы мүмкүнчүлүктөрдү бере алат. Албетте, Евробиримдик менен Түркиянын ортосунда айырмачылыктар бар, бирок кызматташтыкты чыңдай турган чөйрөлөр да көп», - деди.



Тектеш кабарлар