Эрдоган: «Түркиянын пандемияга каршы күрөшү үлгү катары көрсөтүлүүдө»
Президент Эрдоган, Хасанкейф-2 көпүрөсүнүн ачылыш аземинде Стамбулдагы Хубер сарайынан түз байланыш менен сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүнүн, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) жана Батыш медиасы тарабынан да үлгү катары көрсөтүлгөндүгүн айтты.
Президент Эрдоган, Хасанкейф-2 көпүрөсүнүн ачылыш аземинде Стамбулдагы Хубер сарайынан түз байланыш менен сөз сүйлөдү.
Эрдоган өз сөзүндө Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы секириктерге токтолуп: «Саламаттык сактоо кызматтары үчүн эми биздин жарандар чет өлкөгө барышпайт. Чет элдиктер Түркияга келгенде биздин жолдорубузга, көпүрөлөрүбүзгө, аэропорубузга суктанып кетишет»,- деди.
Жыл сайын жүз миңдеген чет элдиктердин Түркиядагы ооруканаларда дарылануу үчүн келгендерин баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшү ДССУ жана Батыш медиасы тарабынан да үлгү катары көрсөтүлүүдө. Дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсү азырынча эмдөөнүн биринчи дозасына жете элек болсо биз 20 миллион доза вакцинаны жарандарыбызга сайдык»,-деп айтты.