Рум жамаатынын өкүлдөрү Хулуси Акардын сапарына ыраазы болушкандарын билдирди

Чанаккаленин Гөкчеада районунда жашаган грек коомчулугунун өкүлдөрү улуттук  коргоо министри Хулуси Акардын сапарынан ыраазы экендигин билдиришти.

1614110

Хулуси Акар кечээ түрк куралдуу күчтөрүнүн  күч командирлери менен болгон иш сапарынын алкагында Бозжаада жана Гөкчеада митрополити Кириллос Сыкис жана жеке Гөкчеада грек орто мектебинин директору Иоаким Макис Камбуропулос менен жолугушуу өткөрдү.

Метрополитен Сыкис Анадолу агенттигине  маалымат берип,  бул сапардын алар үчүн чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Сыкис түрктөр менен гректердин  Гөкчеадада чоң үй-бүлө катары жашап жаткандыгын  да белгиледи.

Менчик  Гөкчеада грек орто мектебинин директору Камбуропулос, түрк жана грек жамааттарынын көп жылдардан бери  тынчтык жана бир туугандыкты сактап  жашап келе жаткандыгы айтып : "Бул биримдиктин мындан ары дагы уланаары шексиз. Биз бул жерде бирдикте жашоону үйрөндүк. Бул бүткүл дүйнөгө жана элдерге үлгү болот деп ойлойбуз. Ал өзү бизге карата колдоосунун мындан ары уланарын да айтты ",- деди. 

Тектеш кабарлар