Түрк басма сөзү 28.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2121410
Түрк басма сөзү 28.03.2024

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: ПККны кыймылдагыс кылып койдук» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын террор менен күрөшүүдө ийгиликтүү жыйынтыктарга жетишкендерин айтканын маалымдаган. Эрдоган: «ДЕАШ деген империалисттик марионеткага чыдабайбыз. ПККны да чек араларыбызда кыймылдагыс кылып койдук»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Германияга чакыруу: Керек болгонду кылгыла» аттуу кабарында террор уюму ПККнын Германиядагы колдоочуларынын Ганновер башкы консулдугуна кол салуусуна Түркия каршылык көрсөткөнүн жазган. Тышкы иштер министрлиги немис бийлигине түрк жарандарынын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугунан немис бийликтеринин жооптуу экенин, Европадагы түрк коомчулугун провокациялоого багытталган аракеттерге жол бербөө керектигин эскертти.

«Стар» гезити «Министр Фидан: Биз сокку урган сайын ПКК бурчка такалууда» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Европадагы террор колдоочулары себеп болгон окуяларга байланыштуу: « Биз сокку урган сайын ПКК бурчка такалууда. Алар бурчка такалган сайын, бул жолу аларга көп жылдар башпаанек болгон өлкөлөрдө терракт кылып жатышат», - деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркия 117 өлкөгө үрөн экспорттоду» деген кабарында айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Йумаклы Түркиянын үрөнчүлүк боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн арасында болгонун айтканын маалымдаган. Министр Йумаклы: «Дүйнөнүн 117 өлкөсүнө үрөн экспорттойбуз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын экономикасы өсүүнү улантууда» аттуу кабарында Эл аралык кредит рейтинги мекемеси Standard & Poor's Түркия үчүн өсүү божомолун жогорулатканын жазган. S&P Түркия үчүн өсүү болжолун 2024-жылга карата 2,4 пайыздан 3 пайызга, 2025-жылга карата 2,7 пайыздан 3 пайызга жогорулатты.



Тектеш кабарлар