Түрк басма сөзү 22.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2130388
Түрк басма сөзү 22.04.2024

«Хүррийет» гезити «Фидан: Көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин аракеттерибиз үзгүлтүксүз уланат» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Мавританиянын тышкы иштер министри Мухаммед Салим Вилд Мерзук менен кечээ өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында: «1967-жылдагы чек араларга негизделген борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемен жана аймактык жактан интеграцияланган Палестина мамлекети түзүлгөнгө чейин аракеттерибиз үзгүлтүксүз уланат»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Жонгдон түрк коргоо өнөр жайына мактоо» аттуу кабарында Түштүк Кореянын Анкарадагы жаңы элчиси Жонг Ёндунун өлкөсү менен Түркиянын коргоо өнөр жайы тармагындагы кызматташтыгына токтолуп: «Түркия учкучсуз учуучу аппараттар, катитансыз деңиз унаалары, акыркы үлгүдөгү согуштук учактары сыяктуу коргонуу өнүктүрүү тармагында маанилүү ийгиликтерге жетишкендиктен келечекте да эки өлкөнүн ортосунда жаңы коргонуу кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү болушу мүмкүн деп ойлойм»,- дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Түрк дарыгерлери ооган балдарына үмүт болууда» аттуу кабарында Түркиянын ар кайсы шаарларынан Ооганстанга барган 12 кишиден турган ыктыярдуу медициналык топтун, борбор шаар Кабулдагы Ататүрк балдар ооруканасында дарылоо жана операцияларын баштаганын жазган. Түрк дарыгерлери ооган балдарына үмүт болууда.

«Хабер түрк» гезити «Кушадасында круиздик кыймылдуулук» аттуу маалыматында Айдындын Кушадасы районунда круиздик туризмдеги активдүүлүктүн соодагерлерди кубантканын билдирген. Өткөн жылы 531 круиздик кеме менен 785 миң жүргүнчүнү кабыл алган шаарга 2024-жылы 625 круиздик кеме менен 1 миллиондон ашуун туристтин келиши күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Айла Аксу Италияда чемпион» аттуу кабарында Италияда өткөрүлгөн W35 Santa Margherita di Pula турниринде улуттук теннисчи Айла Аксунун чемпион болгонун жазган. Жарым финалда Беатрис Риччини жеңген Айланын финалдагы атаандашы чехиялык Люси Хавликова мелдештен четтеп калды. Ушундайча улуттук теннисчи карьерасынын эң маанилүү чемпиондугун жеңип алды.



Тектеш кабарлар