Түрк басма сөзү 25.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2131829
Түрк басма сөзү 25.04.2024

«Ватан» гезити «Эрдоган: Терроризмге каршы колдоо күтөбүз» аттуу маалыматта президент Эрдоган Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен өткөргөн маалымат жыйынында өзгөчө ПКК жана ФЕТӨ менен элдин тынчтыгын бузган террордук уюмдар менен күрөшкө да токтолгондорун белгилеп: «Колдонуудан дагы көп колдоо күткөнүбүздү айттым. Германиянын бийликтери терроризмге каршы күрөштө»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандын 1915-жыл тууралуу билдирүүсү» аттуу макаласында президент Эрдогандын Түркия армяндардын патриархы Сахак Машалянга жолдогон кайрылуусунда: «Биз бир дагы армян жаранынын өз мекенинде четте калышына, четтетилишине, өзүн экинчи даражалуу сезишине жол берген жокпуз жана бербейбиз. Тарыхта болуп өткөн окуяларды, радикалдуу кептерге, бөтөнчүлүккө, жек көрүү тилине жол бербестен, акылга, абийирге салып, аны илимдин жетекчилиги менен чечүүбүз маанилүү»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Уралоглу: Зангезур коридору менен Түркия менен Орто Азиянын ортосунда жаңы байланыш түзөбүз» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу: «Түркия менен Азербайжандын ортосунда түз темир жол жана автотранспорттук каттамдарды камсыздай турган Заңгезур коридору менен Түркия менен Орто Азиянын ортосунда жаңы байланыш түзөбүз»,-деп айтканын маалымдаган.

«Йенишафак» гезити  «Түркия мөмө-жемиш өндүрүүдө дүйнөдө 4-орунда»деген кабарында GeeksforGeeks технология платформасынын 2024-жылдын март айындагы отчетунда Түркия жылдык 25 миллион тонна мөмө өндүрүү менен дүйнөнүн эң алдыңкы мөмө-жемиш өндүрүүчү өлкөлөрүнүн тизмесинде төртүнчү орунду ээлегенин жазган.

«Сабах» гезити «Стамбул аэропорту Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду» аттуу кабарында Стамбул аэропорту 8-14-апрель күндөрү орто эсеп менен 1428 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту катары катталганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар