Түрк басма сөзү 24.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2131175
Түрк басма сөзү 24.04.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: ПКК Ирак үчүн да коркунуч» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, террордук уюм ПКК/ПЙД/ЙПГнын Ирактын да ырааттуулугуна, өнүгүүсүнө жана тынчтыгына коркунуч туудурганын айтканын жазган. Эрдоган бул коркунучту жоюунун Ирактын да кызыкчылыгында экенин баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамына карата куттуктоо» аттуу маалыматында президент Эрдогандын, 23-Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам куттуктоо бөлүшкөнүн билдирген. Эрдоган: «Келечегибиздин кепилдиги болгон балдарыбыздын ар бир күнүнүн майрамдык кубанычта өтүшүн каалаймын»,-деди.

«Ватан» гезити «23-апрель өлкөнүн жалпысында кубанычтуу белгиленди» аттуу кабарында 23-Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) ачылышынын 104 жылдыгы бүтүндөй өлкөдө кубанычтуу белгиленгенин жазган. Балдар 23-апрелге арналган иш-чаралар менен көңүл ачышты. Өлкө боюнча өткөрүлгөн иш-чараларда макамдар бир күн бою балдарга тапшырылып, шаарлар желектер менен кооздолду.

«Йени Шафак» гезити «Мехмет Шимшек: Түркияга болгон ишеним күчтүү» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин АКШда инвестор программаларына катышканын жазган. Министр Шимшек: «Бул жыйындардын баарында Түркиянын экономикалык программасына болгон ишенимдин күчтүү экенин дагы бир жолу көрдүк»,-деди.

«Стар» гезити «Авиацияда Европадагы үстөмдүк Түркияга таандык» аттуу кабарында Түркиянын авиация инфраструктурасына салган инвестициясынын натыйжасында Стамбул аэропорту Европада эң көп каттамды ишке ашырган аэропорт болгонун жазган. Стамбул аэропортунда 2023-жылы орточо күнүмдүк каттамдардын саны мурунку жылга салыштырмалуу 19 пайызга өсүп 1375ке жетти.



Тектеш кабарлар