Түрк басма сөзү 26.04.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2132235
Түрк басма сөзү 26.04.2024

«Хабертүрк» гезити «Тышкы иштер министрлиги Чилиге '1915-жылдагы окуяларга' байланыштуу чечимине реакция кылды» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлиги, Чили парламентинин 1915-жылдагы окуяларды “геноцид” катары кабыл алганына каршылык көрсөткөнүн жазган. Министрлик "Чечим дээрлик жокко эсе. Парламенттердин тарыхты чечмелегенге укугу жок» деген билдирүү жасады.

«Стар» гезити «Түркия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде чийин чийди!» аттуу маалыматында Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Ахмет Йылдыз, террордук уюм ПКК/ЙПГ жана жикчил террорист күн тартибинин Сириянын келечегинде орун жок экенин айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Жыл башынан бери 802 террорист жок кылынды» аттуу кабарында Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Ирак менен Сириянын түндүгүндө; акыркы бир жумада 54 террорист, 2024-жылдын 1-январынан бери болсо 360ы Ирактын түндүгүндө, 442си Сириянын түндүгүндө жалпы 802 террорист жок кылынганын жазган.  

«Сабах» гезити «Йылмаз: Түркиянын экономикасы 14 чейректен бери тынымсыз өсүүдө» аттуу маалыматында вице-президент Жевдет Йылмаз Түркиянын экономикасынын глобалдык жана аймактык кыйынчылыктарга карабастан терс көрүнүштөрдү жеңгенин, 14 чейректен бери үзгүлтүксүз өсүүнү улантканын айтканын билдирген. Йылмаз Түркиянын өсүү көрсөткүчү боюнча 2023-жылы Европа Биримдиги өлкөлөрү жана OECD өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлегенин баса белгиледи.

«Йенишафак» гезити «Түркия вакцина өндүрүштүк базасы болот» аттуу кабарында Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркиянын «вакцина өндүрүштүк базасы» үчүн иш-аракеттердин тездик менен уланып жатканын айтып, 50 миң чарчы метр жабык аянт менен кызмат кыла турган «Ден соолук-Түркия вакцина жана биотехнологиялык өнүмдөрдү изилдөө жана өндүрүү борборунун биринчи этап курулушу жакында бүткөрүлөт»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар