Түрк басма сөзү 27.03.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2120703
Түрк басма сөзү 27.03.2024

Түрк басма сөзү 27.03.2024

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлигинен Бельгия билдирүүсү: Бардык деңгээлде байкоо салынууда» аттуу кабарында Бельгияда ПКК тарапкерлеринин мечиттерге жана түрк коомчулугуна таандык бирикмелерге кол салуулары уланып жатканда, Тышкы иштер министрлиги абалга бардык деңгээлде байкоо салынып жатканын жана министр (Хакан) Фидандын бул темада бельгиялык кесиптеши менен сүйлөшүү өткөргөнүн жарыялаганын жазган.

«Сабах» гезити «Министр Мехмет Фатих Кажыр: Түрк улуту асманда ийгилик жаратты» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын, Түркиянын 2000-жылдары күчтүү эрки менен асманда из калтырган долбоорлорду ишке ашырганын белгилеп: «Түркия Байрактар, Анка, Аксунгур, Акынжы, Хүркуш, Хүржет, Атак, Гөкбей, Кызылелма, Каанды өндүрдү жана асманга учурду. Түрк улуту асманда ийгилик жаратты»,-деди.

«Ватан» гезити «Стамбулга 2 айда 2 миллион 457 миң турист келди» аттуу кабарында Стамбул 2024-жылдын алгачкы 2 айында 2 миллион 457 миң 518 чет элдик туристти кабыл алганын жазган. Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 8,08 пайызга өстү. Февраль айында Стамбулду эң көп орустар тандашты.

«Стар» гезити «ANKA III үчүнчү жолу асманга көтөрүлдү» аттуу маалыматында Түрк аэрокосмостук өнөр жайы, биринчи учуусун 2023-жылдын 28-декабрында ишке ашырган ANKA III үчүн өнүктүрүү жана сыноо иштерин улантып жатканын билдирген. Биринчи учуудан алынган маалыматтар менен өркүндөтүлгөн жана андан кийин жаңы сыноо учууларын жасаган АНКА III үчүнчү жолу асманга көтөрүлдү. Акыркы учуусунда 2 саат абада калган АНКА III ылдамдыгы 160 узелге жетип, 10 миң фут бийиктикке көтөрүлдү.

«Хабер түрк» гезити «Эда Эрдем Дүндар "Эл аралык эр жүрөк аялдар сыйлыгына" талапкер» аттуу кабарында А Улуттук аялдар волейбол командасы менен бирге Фенербахче Опеттин капитаны Эда Эрдем Дүндардын АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан берилген «Эл аралык эр жүрөк аялдар» сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөнүн жазган.



Тектеш кабарлар