Түрк басма сөзү 25.03.2024

Түрк басма сөүнөн кыскача маалыматтар.

2119653
Түрк басма сөзү 25.03.2024

«Стар» гезити «Түркия фибер инфраструктурада Европада экинчи орунда» аттуу кабарында инфраструктура жана технология долбоорлорунда ийгиликтүү иш алып барган Түркиянын фибер инфраструктурада Франциядан кийин Европада экинчи өлкө болгонун жазган. Түркияда фибер инфраструктурада 18 миллион үйгө жетти.

«Ватан» гезити «Ататүрк аэропорту дүйнөнүн эң чоң технология жана ишкердик борбору болот» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Фатих Кажырдын, Стамбулдагы Ататүрк аэропортунун терминал имараттарынын келечегине байланыштуу таанытуу жыйынын өткөргөндөрүн айтканын билдирген. Министр Кажыр: «Бул жер дүйнөнүн эң чоң технологиялык ишкердик борбору болот»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Түркия мунай өндүрүшүн ылдамдатты» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын, ​​Шырнак Габарда күнүмдүк 37 миң баррель мунай өндүргөндөрүн билдиргендерин жазган. Министр Байрактар​​: «Рамазан айынын аягында (9-апрель) өндүрүштү 40 миң баррелге көбөйтөбүз. Биздин максат - жылдын аягына чейин 100 миң баррелге жеткирүү»,-деди.

«Сабах» гезити «Стамбул биржасы узак мөөнөттүү инвестицияда кирешесиз калтырбайт» аттуу маалыматында акыркы 5 жылды өсүү менен аяктаган Стамбул биржасынын 2024-жылды да тез баштаганын жазган. Жыл башынан бери 22 пайыз менен дүйнөнүн эң ылдам өскөн үчүнчү рыногу болгон Стамбул биржасы узак мөөнөттүү инвестиция салган ишкерлер үчүн киреше алып алып келүүнү улантууда.

«Хабертүрк» гезити «Галатасарай Европанын сап башында» аттуу кабарында Трендйол Супер Лигасында 81 упай менен сап башында турган Галатасарайдын, Европанын 5 негизги лигасынын жана Суперлигасынын негизинде өз талаасында эң көп упай топтогон команда экенин билдирген. Сары-кызылдар ушул сезондо өз талаасында ойногон 15 матчтын баарын жеңип, бул тармакта алдыңкы орунда турат.



Тектеш кабарлар