Түрк басма сөзү 07.07.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1853085
Түрк басма сөзү 07.07.2022

«Стар» гезити «ФЕТӨ НАТОнун каттоосуна террордук уюм катары кирди» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын ушул убакка чейин Европа Биримдигинде (ЕБ) гана катталган жикчил террордук уюм ПККнын азыр бир гана Европа Биримдигинин эмес, ПЙД/ЙПГ жана Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) да НАТОнун каттоолоруна киргенин айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Сомалиге жардамыбыздын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд Президенттик комплексте биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөнүн маалымдаган. Эрдоган: «Сомалиге акыркы 10 жылда берген жардамыбыздын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты.Бүгүн Сомалинин көп тармакта ийгиликтерге жетишкенин көрүп кубандым»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Акар: «Дан коридору» үчүн аракет кылуудабыз» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Украина портторунан дан ташыган кемелердин эвакуацияланышы үчүн түзүлүшү пландалган «дан коридору» тууралуу: «Жакынкы келечекте оң натыйжаларды алуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз»,-деп айтканын баяндаган. Акар Түркиянын аракетинин эл аралык аренада бааланганын белгиледи.

«Ватан» гезити «Абдүлхамид Хан бургулоочу кеме кызматка даяр» деген кабарында Түркия флотуна кошкон дүйнөдөгү 5 кеменин бири болгон Түркиянын төртүнчү бургулоо кемесинин даярдыктарын жеринде карап чыккан энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин: «Кемебиз Август айынын биринчи жарымында кызмат өтөй баштайт. Анын биринчи миссиясы балким Жер Ортолук деңизи болот»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени Шафак» гезити «Грек полковниги: Түркияга каршы курулай куралданып жатабыз» аттуу маалыматында Грециянын Аба күчтөрү Аскердик академиясынын окутуучусу полковник Константинос Зикидис Грецияны Түркия менен салыштыруунун кайгыга себеп болорун айтканын жазган. Полковник Зикидис: «Биз Түркияга каршы курулай куралданып жатабыз. Биз Түркиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрү менен атаандаша албайбыз»,-деп айтканын берген.



Тектеш кабарлар