Түрк басма сөзү 28.06.2022
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.
«Стар» гезити «Чек ара операциясы сигналы» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кабинет жыйынынын кийин берген билдирүүсүндө : «Сирия чек арабызда түзө баштаган коопсуздук коридорунун кемчиликтерин толуктоо тууралуу даярдыктарыбыз бүтөөрү менен ал жерде да жаңы операцияларды баштайбыз»,- дегенин белгилеген.
«Хүррийет» гезити «Эч бир союздашыбыз Түркиячалык көп кол салууга учураган жок» деп жазып, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин : «Баарыбыздын коопсуздук санааркоолорубузга НАТОго мүчөлүк процессинин бир бөлүгү катары көңүл бурулушу керек. Эч бир союздашыбыз Түркиячалык террордук уюм ПККнын кол салууларына учураган жок»,- дегенин жазган.
«Сабах» гезити «Эрдоган нефть тууралуу сүйүнчүлөдү» деген маалыматында президент Эрдогандын : «Аданада мунай изилдөөсүн жүргүзгөн эки кудукта жогорку сапаттагы мунай таптык. Мунайдын запастык баасы болжол менен 1 миллиард доллар деп эсептелди»,-дегенин кабарлаган.
«Йени шафак» гезити «Чавушоглу : Зенгезур коридору эртерээк ачылышы керек» деп билдирип, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркия - Азербайжан - Казакстан тышкы иштер жана транспорт министрлеринин жыйынынан кийин берген маалыматында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы процессти колдогондорун белгилеп : «Азербайжандын батыш аймактары менен Нахчивандын ортосунда байланышты түзө турган Зенгезур коридорун күчтүү түрдө колдойбуз.Коридордун эртерээк ачылышын күтүп жатабыз»,- дегенине токтолгон.
«Хабер түрк» гезити «Антальяга аба жолу аркылуу келген турист саны 4 миллондон ашты» деген макаласында Антальяга 1 - январдан 26 - июнь арасында аба жолу аркылуу келген чет элдик турист саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 193 пайыздык өсүү менен 4 миллиондон ашкандыгын кабарлаган.