Түрк басма сөзү 14.01. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1762471
Түрк басма сөзү 14.01. 2022

«Ватан» гезити «Эрдоган : Европа Биримдиги биз үчүн стратегиялык алдыңкылыгыбыз болууну улантат» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн Анкара элчилери менен өткөргөн жыйында : «Европа Биримдигинин 2022 – жылы стратегиялык миопиядан арылып, Түркия менен карым -катнаштарды өнүктүрүүдө дагы тайманбастык менен иш алып барат деп үмүттөнөбүз. Географиялык, тарыхый жана адамзаттык жактан Европа континентинин бир бөлүгү болгон Түркия  Европа Биримдигине толук мүчөлүк максатын жактайт.  Европа Биримдиги биз үчүн стратегиялык алдыңкылыгыбыз болууну улантат»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын алгачкы чөнтөк спутниги Гризу  - 263  космоско учурулду» деп жазып, Бүлент Эжевит университети тарабынан чыгарылган Түркиянын алгачкы чөнтөк спутниги Гризу  - 263Анын АКШда Канаверал тумшугундагы учуруу базасынан SpaceXтин Falcon 9 ракетасы менен ийгиликтүү учурулгандыгын жазган.

«Сабах» гезити «Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан "Hello Türkiye" кампаниясы» деген маалыматында президенттиктин коммуникация башкармалыгы өлкөнүн улуттук жана эл аралык атынын эл аралык медиада  «Түркия» деп колдонулушун дагы таасирдүү түрдө жарыялоо үчүн "Hello Türkiye"  аттуу кампанияны баштаткандыгын билдирген.

«Стар» гезити «Немис медиасы : түрктөр чоң ойлонушат» деп билдирип, немис медиасы  Focusта Түркиянын ата мекендик автомобили ТОГГго карата мактоолорду жазгандыгын жарыялаган. Жазууда ТОГГдун жаңы бир доордун символу экендиги баса белгиленди жана президент Р. Т. Эрдогандын жергиликтүү автомобиль өнөр жайы үчүн аракет кылгандыгы жазылган.

«Йени шафак» гезити «Дүйнөнүн алгачкы көп функциялуу учкучсуз аскердик учак: Акынжы Байрактар» деген макаласында аскердик жана коргоо өнөр жайы тууралуу маалыматтарды жарыялаган Oryx Blog Түркиянын 10 жылдагы коргоо боюнча ийгилигин жыйынтыктаган макала жазганын белгилеген. Макалада Байрактар Акынжынын көп функциялуу өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурулуп, Түркиянын ок  - дарыларына жаңыларын кошкондугу баса белгиленди.



Тектеш кабарлар