Түрк басма сөзү 29.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1754000
Түрк басма сөзү 29.12.2021

«Сабах» гезити: «Эрдоган: Дүйнө жүзү коргоо өнөр жайындагы жетишкендиктерибизден сөз кылып жатат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, өлкөлөрдүн күчү азыр жогорку технологиялык иш-аракеттери менен өлчөнгөнүн баса белгилеп: «Коргоо өнөр жайындагы жетишкендиктерибизден учурда бүткүл дүйнө жүзү сөз кылып жатат»,-дегенин жазган. Эрдоган Түркиянын аймактын келечегин түзүүчү алдыңкы өлкөлөрдөн бири болгонуна байланыштуу анализдердин барган сайын көбүрөөк айтылып жатканын билдирди.

«Хүррийет» гезити: «TURKOVAC вакцинасы үчүн кезекке  жазылуу башталууда» аттуу маалыматында шашылыш түрдө колдонууга уруксат берилген жана массалык өндүрүшү башталган ата мекендик коронавирус вакцинасы TURKOVACта кезекке жазылуулар башталганын билдирген. TURKOVAC вакцинасынын негизинде жарандарга Sinovac жана Biontech вакциналарынан тышкары жаңы альтернатива сунушталат. Ата мекендик вакцинанын ушул аптада колдонула башташы күтүлүүдө. TURKOVACты иштеп чыккан проф. др. Айкут Өздарендели: «Бардык ыктыярчылардын 100 пайыздык антителого ээ болушу абдан олуттуу жыйынтык»,-деди.

«Йени Шафак» гезити: «Түркия экспорт боюнча рекорд койду» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез бор сатуунун 1 миллиард доллардан ашып рекорд койгонун айтканын жазган. Дөнмез: «Дүйнөдө биз лидер болгон бор кенинде батарея технологиясында колдонулган литий өндүрүшү да башталды. Энергетикалык технологияларда, өзгөчө бор технологияларында дүйнөлүк бренд боло турган эмгектерди тартуулагыбыз келет»,-деди.

«Стар» гезити: «Түркиядан дос өлкөгө жардам колу» аттуу маалыматында Албаниянын Лач шаарында жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Түркия тарабынан курулган үйлөр үй-бүлөлөргө тапшырылганын билдирген. Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Лачтагы турак жай долбоорунун түрк өкмөтүнүн каржылоосу жана досу катары мүнөздөгөн президент Режеп Таййип Эрдогандын түздөн-түз тапшырмасы менен бүткөрүлгөнүн баса белгиледи. Президент Эрдоган, Албанияда 2019-жылдын 26-ноябрында болгон жер титирөөдөн кийин дароо жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 500 үй куруу тапшырмасын берген болчу.

«Сабах» гезити: «Дүйнө жылдыздарынын Стамбул сүйүүсү» аттуу кабарында Италиянын лига командаларынан Интердин жылдыз футболчусу Эдин Жеко мурунку күнү жубайы Амра Силайджич жана балдары менен Стамбулга келгенин жазган. Футболчу Аясофия, Гүлхане жана Чоң базарды зыярат кылып, болжол менен 15 миң евролук соода кылды. Ошондой эле француз ырчы Вилли Уильям да Стамбулда болду. Уильямс Түркияга мурда да бир нече жолу келгенин жана бул өлкөнү абдан жакшы көргөнүн айтты.



Тектеш кабарлар