Түрк басма сөзү 23.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1751423
Түрк басма сөзү 23.12.2021

«Хүрриййет» гезити «Turkovac үчүн дароо колдонууга уруксат» аттуу маалыматында атамекендик коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) карата вакцинасы Турковак шашылыш түрдө колдонууга уруксат берилгенин жазган. Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа: «Биздин ата мекендик Ковид-19 Турковак (Turkovac) вакцинабыздын шашылыш түрдө колдонууга бүгүнтөн баштап уруксаты берилди жана өндүрүштү баштадык»,- деди. Президент Режеп Таййип Эрдоган болсо: «Эпидемия учурунда колубуздагы медициналык каражаттарды, өзгөчө масканы бөлүштүк. Башка жерлерден алган вакциналардын бир бөлүгүн дос өлкөлөргө жөнөтүүдөбүз. Турковакты чыгаруу менен вакцинабызды бүткүл адамзат менен бөлүшүүдөн кубанычтабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Парламент төрагасы Шентоп: Балканда туруктуу жана тынымсыз тынчтык жана ырааттуулук Европа жана дүйнө тынчтыгы үчүн да маанилүү» аттуу маалыматында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоптун Сербиянын борбор шаары Белградда Улуттук Парламенттин төрагасы Ивица Дачич менен өткөргөн маалымат жыйынында: «Балканда туруктуу жана тынымсыз тынчтык жана ырааттуулук. Аймак жана Балкан өлкөлөрү үчүн гана эмес, Европа жана дүйнө тынчтыгы үчүн да пайдалуу, биз үчүн маанилүү деп ойлойбуз»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Казакбаев түрк ишкерлерин өлкөсүнө чакырды» аттуу маалыматында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түрк ишкерлерин Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында өлкөсүндөгү инвестициялык активдүүлүктөрүн арттырууга чакырганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Түркиядан туздалган бадыраңды Германия, Нидерландия жана АКШ эң көп талап кылышты» деген кабарында Түркиядан жылдын 11 айында туздалган бадыраң экспорту 300 миллион долларга жеткенин белгилеген. Түркиянын туздалган бадыраңына 76 миллион долларлык талап менен Германия биринчи орунга чыкты. Бул өлкөнүн артынан 47 миллион долларлык талап менен Нидерландия чыкты. Түркия АКШга 32 миллион доллар, Англияга 25 миллион доллар, Румынияга 11 миллион доллар туздалган бадыраң жөнөттү.

«Ватан» гезити «Антальяга келген туристтердин саны 9 миллиондон ашты» аттуу кабарында Антальяга келген туристтердин саны 2021-жылдын акыркы күндөрү жакындаган сайын өсүүдө экенин маалымдаган. Анталья Губернаторлугунун маданият жана туризм башкармалыгынан алынган маалыматка караганда январь айынан бери Антальяга аба жолу менен келген турист саны 9 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар