Түрк басма сөзү 11.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1717619
Түрк басма сөзү 11.10.2021

«Ватан» гезити: «Түркия жашыл өнүгүү төңкөрүшүн баштады» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Түркиянын Париж климат келишимин бекитип жашыл өнүгүү төңкөрүшүн баштаганын айтканын жазган. «Ар бир маселеде болгондой эле жашыл өнүгүү төңкөрүшүндө да жаштарыбыздан эң чоң колдоону алуудабыз» деген Эрдоган: «Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы учурунда Түркия өзүнүн күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурасынын негизинде башка өлкөлөрдөн кандайча айырмаланып турса, жашыл өнүгүү төңкөрүшү менен да климаттык өзгөрүү процессинде ушундай ийгиликке жетишебиз»,-деп айтты.

«Йени Шафак» гезити: «Эрдоган Африкага сапар жасайт» аттуу маалыматында Африка лидерлери менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрүн арттырган президент Эрдогандын Африкага сапар жасай турганын билдирген. Эрдогандын 17-октябрда башталып 4 күнгө созула турган сапары Ангола, Нигерия жана Тогону камтыйт. Үчүнчү Түркия-Африка өнөктөштүк саммити 17-18-декабрда Стамбулда өтөт.

«Хүррийет» гезити: «Түркия Йемендеги бомбалуу кол салууну айыптады» деген кабарында Тышкы иштер министрлиги Йемендин Аден губернатору Ахмед Хамед Ламластын кербенине болгон бомбалуу кол салууну айыптаган жана көңүл айткан билдирүү таратканын жазган. Билдирүүдө: «Ламластын конвойуна бомба жүктөлгөн унаа менен болгон кол салуунун натыйжасында каза тапкандар жана жаракат алгандардын бар экени терең кайгыга салды. Бул мыкаачылык кол салууну айыптайбыз жана курман болгондордун жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилеп, дос жана боордош йемен эли менен өкмөтүнө көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.

«Сабах» гезити: «Тоо-кен тармагынан экспорттук рекорд» аттуу маалыматында дүйнөдө өндүрүлгөн 90 кен түрүнүн 80ине ээ болгон жана 650 түрдүү мрамор менен 150 табигый таштын мекени болгон Түркиянын, тоо-кен секторунда экспорттук рекордду улантып жатканын билдирген. Тоо-кен өнөр жайы сентябрда эле 584,3 миллион долларлык экспортту ишке ашырды. Ушундайча экспорттун наркынын өсүшү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 39,1 пайызды түздү.

«Хабер түрк» гезити: «Формула-1 Түркия Гран-приси өткөрүлдү» деген кабарында Формула-1 Дүйнө чемпиондугунда сезондун 16-жарышы болгон Rolex Түркия Гран-присинде Мерседестин айдоочусу Валттери Боттастын жеңип чыкканын маалымдаган. Стамбул паркындагы жарышты 80 миңдей киши көрдү. Жарышты биринчи орунда аяктаган Мерседестин фин айдоочусу Вальтери Боттаска Кубокту Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп тапшырды.



Тектеш кабарлар