Түрк басма сөзү 19.04.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2129654
Түрк басма сөзү 19.04.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган : Батыш бир үн болуп Израилге «токто» деши керек» деген кабарында президент Эрдогандын Израилди бутага алган Иранга каршы ылдам аракетке өткөн батыштын Газа тууралуу үнсүздүгүн сынга алганын жазган. Эрдоган : «Батыштык өлкөлөрдүн  Иранга каршы бир үн болуп каршылык көрсөткөндөрүн көрдүк. Ошол эле актерлордун эми бир үн болуп Израилге «токто» деп айтуулары керек»,- дегенин белгилеген.

«Стар» гезити «Куртулмуштан сионист кысымына учураган илимпоздорго чакыруу» деп жазып, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин  спикери Нуман Куртулмуштун сионист кысымдарга дуушар болгон бардык илимпоздорго чакыруу салгандыгын жазган. Куртулмуш : «Түркиянын эшиги бардык илимпоздорго ачык»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Грециянын аракетине Түркиядан жооп келди» деген маалыматында Грециянын премьер  - министри Кириякос Мицотакистин Иония жана Эгей деңиздеринде курууну пландаган деңиз парктары Түркиядан катуу каршылык көргөндүгүн белгилеген. Тышкы иштер министрлиги эл аралык келишим боюнча Грецияга таандык болбогон арал жана аралчалар тууралуу грек тарабынын тескөө  укугунун жок экендигин билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул аэропорту  10 -  орунда» деп билдирип, Британиянын Skytrax авиа рейтинг агенттиги дүйнөдөгү эң мыкты аэропортторду аныктагандыгын белгилеген. Жүргүнчүлөр менен жүргүзүлгөн сурамжылоого негизделген тизмеде Стамбул аэропорту «Дүйнөлүк аэропорттор сыйлыктары 2024» сынагында 10-орунга ээ болду.

«Хүррийет» гезити «Мобилефест 2024 жарманкеси үчүн артка карай саноо башталды» деген макаласында Евразия аймагынын эң чоң технология жарманкеси Мобилефесттин 25 – 27 -  апрель күндөрү Стамбулда өткөрүлөрүн баяндаган. Төртүнчүсү өткөрүлө турган Мобилефест коммуникация технологиялары жарманкеси жана конференциясы  300дөн ашуун бренд жана 20 миңден ашуун конокту тосуп алат.



Тектеш кабарлар