Түрк басма сөзү 26.07.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1680148
Түрк басма сөзү 26.07.2021

«Сабах» гезити «Түркия жаңылоого боло турган энергетика булактарында Европанын бешинчи өлкөсү» деген кабарында экология жана шаарчылык министри Мурат Курумдун Түркиянын жаңыланууга боло турган энергия булактарына каралганда дүйнөнүн 12 - өлкөсү, Европанын 5 -  өлкөсү экендигин айтканын жазган. Түркиянын орнотулган кубатынын 52 пайызынын жаңылоого боло турган энергетикадан камсыз кылгандыгын белгилеген Курум : «Алдыбыздагы 10 жылдын ичинде жыл сайын 10 мигаватт шамал менен күн энергиясын алуу, жаңылоого боло турган энергия көлөмүбүздү арттыруу үчүн иш алып баруудабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Жергиликтүү вакцина жылдын акырында массалык колдонууга даяр болот» деп жазып, вируска окшогон бөлүкчөлөргө негизделген жергиликтүү Ковид  - 19  вакцинасын иштеп чыгууда  Фаза  - 1 жана Фаза  - 2 баскычтары толугу менен бүткөндүгүнө  жана ыктыярдууларда ушул кезге чейин эч бир тескери таасирдин болбогондугуна токтолгон. Жергиликтүү вакцинанын жылдын акырында даяр болушу үчүн иштер улантылууда.

«Йени шафак» гезити «Туризм тармагы кубантууда» деген макаласында Россия, Германия жана Франциянын саякат чектөөлөрүн  жоюшу менен  1 -  июлдан башталган калыбына келүү процесси жана Курман айт майрамы менен бирге Түркияда туризмде кыймылдуулуктун башталгандыгын кабарлаган. Ички базарда туризмде мыкты жыл болгон 2019 -  жылдын сандарынан ашты. Тышкы базарда да 50дөн ашуун өлкөдөн коноктор келди.

«Стар» гезити «Ата мекендик учкан автомобиль AirCar үчүн күн белгилүү болду» деген маалыматында ата мекендик  технология фирмасы Softtech инвестор жана өнүктүрүүчү да өзү болгондуктан учуучу автомобилдин биринчи прототиби менен сыноо учушун аткаргандыгын белгилеген. Бир  жүргүнчү менен 80 километр, эки жүргүнчү менен 50 километр уча турган электрдүү жана 100 пайыз автономдуу болгон унаанын 2025 -  жылы Стамбул асманында болушу пландалууда.

«Ватан» гезити «А улуттук аялдар волейбол командасы мыкты баштады» деген кабарында 2020 Токио Олимпиадаларында  В группасында беттешкен А улуттук аялдар волейбол  командасы Кытайды 3 – 0 упайга жеңгендигин маалымдаган. Президент Р. Т. Эрдоган олимпиада чемпионун жеңген улуттук курама команданы куттуктады. Улуттук курама командасы Кытай менен бирге АКШ, Аргентина, Италия жана Россия менен беттешет.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар