Түрк басма сөзү 24.06.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1663770
Түрк басма сөзү 24.06.2021

 

«Стар» гезити «Октай: Биз чогуу курушубуз керек» аттуу маалыматында вице-президент Фуат Октай, Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жүрүп жаткан долбоорлорго Түркиянын колдоосу уланаарын билдирип, «Өзүн калыбына келтирген жана өндүрүш жасаган Түндүк Кипрди чогуу курушубуз керек»,деп айтканын баяндаган.

 «Хүррийет» гезити «Улуттук коргоо министри Акардын Ооганстан тууралуу билдирүүсү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ Кабул аэропорту туурасында Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүүсүндө «Биздин катышуубуз бар, учурда аскерлерди жөнөтүү жөнүндө сөз болгон жок. Биздин максатыбыз ооган боордошторубуздун коопсуздугуна салым кошуу»,дегенин маалымдаган.

«Ватан» гезити «Министр Кожа: Коронавируска каршы күрөшүүдө эмдөөнүн жаңы баскычына өтүлдү» деген кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа кечээ Илимий комитеттин отурумунан кийин коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшүүдө жаңы баскыч башталгандыгын билдиргенин маалымдаган. Министр Кожа эртеңки күндөн тарта 18 жашка толгон ар бир адам эмдөөдөн өтүүгө боло тургандыгын жарыялады. Министр Кожа ошондой эле Индиядан чыккан Дельта мутациясы Түркияда 134 кишиде аныкталганын айтты.

«Сабах» гезити «Министр Дөнмез жарыялады: Расмий түрдө жума күнү ачылат ...» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркиянын суюлтулган жаратылыш газы (LNG) жана FSRU (Калкытып сактоо жана газдаштыруу мекемеси) долбоорлору менен жаратылыш газынын түрдүүлүгүн арттырганын белгилеп, эртең Хатай Дөртйолдо «Эртугрул Гази» FSRU ишканасынын расмий ачылыш аземинин боло тургандыгын айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Караисмаилоглу: 5Gде маанилүү босогодон өттүк» деген кабарында кечээ жергиликтүү жана улуттук деңгээлде өнүккөн 5G инфраструктурасы боюнча биринчи үн чалууну жасаган транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, 5Gге мүнөздүү болгон менеджмент, тейлөө жана эксплуатациялык программалык камсыздоо өнүмдөрүн өнүктүрүүдө маанилүү босогону артта калтыргандыктарын билдиргенин баяндаган.



Тектеш кабарлар