Түрк басма сөзү 11.05.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1637756
Түрк басма сөзү 11.05.2021

 

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан Палестина үчүн дипломатиялык кыймыл» аттуу маалыматында Палестинада Израилдин адамзатка каршы кылмышы дүйнөнүн негизги күн тартибинин бири болуп калганы менен, өлкөлөр аларды айыптоо билдирүүлөрүнөн башка эч нерсе кыла алышпаганын жазган. Президент Режеп Тайип Эрдоган болсо Кудстагы жана Газадагы кыргынды токтотуу үчүн киришти. Эрдоган алгач Иорданиянын падышасы Абдулла II менен, андан кийин Кувейттин эмири Шейх Невваф ал-Ахмед аль-Жабир ас-Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү.

«Сабах» гезити «Эрдоган эл аралык коомчулукту мобилизациялады» аттуу маалыматында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун президент Эрдогандын бардык эл аралык уюмдардын, айрыкча БУУнун жана дүйнө мамлекеттеринин көңүлүн Израиль ишке ашырган мамлекеттик террорго бура алганын билдиргенин баяндаган. Алтун: «Биз мындан ары дүйнөнүн бул куугунтукка каршы үч маймыл ойногонун карап тура албайбыз. Биз Палестинаны этап-этап менен басып алууга жол бербейбиз»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «5 партиянын Израилди биргелешип айыптоосу” аттуу маалыматында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында (TУУЖ), Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК Партия), Республикалык элдик партия (CHP), Элдик демократиялык партия (HDP), Улутчул кыймыл партиясы (MHP) жана IYI партиясынын ТУУЖдагы фракциялары биргелешкен билдирүүсүн жарыялады жана Акса мечитине карай Израилдин кол салууларын айыптаганын жазган. Декларацияда бүткүл дүйнө эл аралык коомчулук тарабынан Израилдин эл аралык мыйзамдарды бузушуна каршы, убакытты текке кетирбей, эффективдүү жана натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырылган.

«Йени шафак» гезити «Түркия Израилге каршы бир жүрөккө айланды» деген маалыматында Түркия калкы Израилдин Палестина жана Акса мечитине кол салууларына каршы көчөгө чыгышканын маалымдаган. Израиль полициясынын Аль-Акса мечитинде палестиналыктарга кол салууларына каршылыгын көрсөткөн көптөгөн облустарда миңдеген адамдар автоунаалар менен конвой түзүштү. Колуна Түркия жана Палестина желектери менен чогулган жарандар сыйынуу менен Палестинага колдоо көрсөтүштү.

«Стар» гезити «Ливияда Түркия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар» деген маалыматында Түркиянын Триполидеги элчиси Кенан Йылмаздын Түркия менен Ливиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар жакшы нукта уланаарын жана Ливияда түрк ишкерлери үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтканын жазган. Йылмаз: «Экономикалык тармакта түрк ишкерлери, экспортерлор жана инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Мен аларга Ливияга келүүгө чакыруу жөнөтүп жатам»,-деди.



Тектеш кабарлар