Түрк басма сөзү 07.05.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1635709
Түрк басма сөзү 07.05.2021

«Ватан» гезити «Чавушоглунан Египет билдирүүсү : сүйлөшүүлөр улантылат» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркия менен Египеттин делегацияларынын Каирде өткөргөн жолугушууларынын оң атмосферада өткөндүгүн жана өзүнүн Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри менен мындан мурда да түрдүү себептер менен байланышкандыгын айтып : «Алдыбыздагы процессте карым  - катнаштарды калыбына келтирүү үчүн таштала турган кадамдар тууралуу сүйлөшүүлөр улантылат»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан эл аралык коомчулукка Израиль чакыруусу» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин Израилдин Батыш Шериа жана Кудстагы мыйзам тышы отурукташуу жерлерин кеңейтүү аракеттерине эл аралык коомчулукту каршылык көрсөтүүгө чакыргандыгын жазган.

«Стар» гезити «Түркиянын вакцинасы ДСУ тизмесине кирди» деген маалыматында Түркия илимий жана технологиялык изилдөө мекемеси ТҮБИТАКтын төрагасы, профессор доктор Хасан Мандалдын түрк илимпоздорунун коронавируска каршы иштеп жаткан вакцинасынын да ДСУнун тизмесине киргендигин билдиргенин маалымдаган. Вируска окшогон бөлүкчүлөргө негизделген вакцина да ДСУнун тизмесине кирген.

«Сабах» гезити «Түрк коргоо жана авиация тармагындагы экспортто бул жылы АКШ биринчи орунда» деген кабарында  Түркиядан жылдын биринчи 4 айында 1 миллиард долларга жакын коргоо жана авиациялык өнөр жай продукциялары экспорттолуп, сатууда биринчи орунду 386, 1 миллион доллар менен АКШнын алгандыгын белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Украинадан кийин орус делегациясы да Түркияга келет» деп жазып маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпарсландын өткөн жумада Түркияга келген Украина делегациясынын Коопсуз туризм сертификаты программасын ийгиликтүү деп тапкандыгын белгилеп : «Россияга карата да ушундай программабыз бар. Россия делегациясы менен Рамазан майрамынан мурда бетме  - бет жолугушуу болушу мүмкүн»,- дегенин билдирген.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар