Түрк басма сөзү 29.04.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1630567
Түрк басма сөзү 29.04.2021

 

«Стар» гезити «Алиев Түркияга басым жасады» аттуу маалыматында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Антоний Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Алиев АКШ президенти Жо Байдендин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп сыпаттаганына токтолуп, «Түркия Азербайжандын жакын досу жана союздашы. Биздин аймакта согуштан кийинки мезгилде абдан маанилүү жана оң ролду ойноодо. АКШ президентинин бул билдирүүсү Азербайжандын бийлигин жана коомчулугун ыңгайсыздыктарга дуушар кылды»,-деди.

«Хабер Түрк» гезити «Татардан Кипрде туруктуу чечим табуу боюнча 6 пункттан турган сунуш» аттуу маалыматында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар Кипрде туруктуу чечим табуу боюнча 6 пункттан турган сунушту Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антонио Гутерришке бергенин маалымдаган. Сунушта, Кипр түрк элине мүнөздүү болгон суверендүү теңчиликти жана бирдей эл аралык статусту таануу, белгилүү бир мезгилди камтыган, реалдуу жана туруктуу чечимге багытталган сүйлөшүүлөргө жол ачары баса белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Атамекендик вакцина кеңири колдонуудан мурун акыркы баскычта» деген кабарында сламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы жүргүзүлгөн ата мекендик вакцинаны изилдөө жөнүндө маалымат бергенин баяндаган. Саламаттык сактоо министри ата мекендик эмдөө иштери акыркы баскычта экендигин белгилеп, «Жакынкы күндөрү 3-фаза сыноолору башталат. Бул кеңири колдонууга чейинки акыркы этап»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия жаңы жаңылык жаратты» аттуу кабарында Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан Al-Monitor жаңылыктар сайтынын Түркиянын TCG Anadolu амфибиялык чабуул кемесин куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (КУУA) кемесине айландырып аскердик талаага жаңы түшүнүк алып келгенин жазганын маалымдаган. Кеме толугу менен КУУA менен жабдылышы дүйнөдө биринчи жолу болуп жатат. Кеме 2023-жылы пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «Формула-1 Түркияга кайтып келди» деген кабарында дүйнөдөгү эң маанилүү мотоспорт уюму Формула-1дин 11-12-13-июнь күндөрү Шаар аралык Стамбул паркында өтөөрүн жазган. Миллиарддаган көрүүчүлөргө жеткен жана өлкөлөрдүн жарнамалык иш-аракеттеринде баа жеткис мааниге ээ Формула-1 биздин өлкөгө былтыр алынып келген. Дүйнө жүзү боюнча жарыш чоң кызыгуу менен өтүп жаткандыктан жана учкучтар менен командалар Түркияны макташкандыктан, биздин өлкө быйыл дагы Формула-1ди өткөрөт.

 



Тектеш кабарлар