Түрк басма сөзү 26.04.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1628299
Түрк басма сөзү 26.04.2021

 

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын Чанаккале билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Чанаккаледеги Кургактык Согуштарынын 106 жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда: «Биз Чанаккаленин рухун сактап, өлкөбүздү келечекке дагы күчтүү жол менен жеткиребиз»,дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Террордук буталар жок кылынды» деген маалыматында Ирактын түндүгүндө террор уюму ПККнын элементтерине каршы «Чеңгел-Шимшек» жана «Чеңгел-Йылдырым» операциялары уланып жатканын маалымдаган. Улуттук коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, «Террористтердин ийиндерине «Чеңгел-Шимшек» жана «Чеңгел-Йылдырым» операцияларынын алкагында кирилди, биздин аба күчтөрү террористтердин буталарын жер менен жексен кылды»,делген.

«Стар» гезити «Татар: Түркия бул жерде күчтүү орунду ээлейт, биздин укугубузду эч кимге тебелетпейт» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (Түндүк Кипр) Президенти Эрсин Татар, Грецияда жарыяланган «Катимерини» гезитине берген маегинде, Түркия менен ар тараптуу орток кызыкчылыктарды, «Түркия чоң өлкө, бул өлкөнүн кепили,ата мекен. Бул жерде сөз ээси», дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Аксуңгурдан чоң ийгилик» деген маалыматында Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демирдин Аксунгур КУУАнын (Куралдуу учкучсуз учуучу аппараты) биринчи жолу аткан 340 кг салмагындагы KGK-SİHA-82 менен 30 километр аралыктагы бутага ийгиликтүү сокку урганын жарыялаганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Улуттук балбан Рыза Каяалп 10-жолу Европа чемпиону» аттуу маалыматында 130 килограмм салмактагы грек-рим күрөшү боюнча улуттук спортчу Рыза Каяалп грузиялык атаандашы Якоби Кажаяны жеңип алтын медалга ээ болуп, карьерасында 10-жолу Европа чемпиону болду.



Тектеш кабарлар