Түрк басма сөзү  30.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1611059
Түрк басма сөзү  30.03.2021

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Түркияга инвестиция салууга үндөдү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын теги, түсү, ишеничи эмне болсо болсун баарын Түркияга инвестиция салууга чакырганын жазган. Мындан мурда да Түркияга инвестиция салгандардын бүгүн чоңойгон базар жана кирешелери менен түшүмүн чогулткандыгын баса белгилеген Эрдоган мындан кийин да инвестиция салгандардын кыска убакытта ошол эле кирешени ала аларын айтты.

«Ватан» гезити «Европа Биримдигинен орчундуу сапар» деген макаласында Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы  Чарльз Мишель менен Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайендин 6 -  апрелде Түркияга келерин белгилеген. Мишель менен фон дер Лайен президент Эрдоган менен жолугушат. Европа Биримдиги лидерлеринин саммит жыйынында экономика, миграция, коомдор аралык байланыш жана саякат сыяктуу темаларда Түркия менен кызматташуунун күчтөндүрүлүшүнө чечим чыгарылган.

«Стар» гезити «Чоңдор кезекке турушту, Түркиянын программасына кирүүнү каалап жатышат» деген маалыматында Түркия космостук агенттигинин төрагасы Сердар Хүсейин Йылдырымдын 2028 -  жылдын акырына чейин айга конууну жана бир унааны кондурууну, ал жерден бир топ маалыматтарды чогултуп Түркияга жеткирүүнү максат кылышкандарын айтканын жазган. Йылдырым : «Япония, Кытай, Россия, Европа өлкөлөрү жана Америка фирмалары менен бир топ өлкө бизге телефон чалып бул программа боюнча бизди куттукташты жана кай жеринде боло алышарын сурай башташты»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түркия 15 жылда экспортто секирик жасайт» деген кабарында Ковид  - 19  эпидемиясы процессинде өндүрүш потенциалы менен алдыга чыккан Түркиянын экспортту үзгүлтүксүз улантканын белгилеген. Көп сандаган тармак үчүн чоң бир мүмкүнчүлүк мезгили башталууда. Келерки 15 жылда экспорттун чоң бир ылдамдык менен артышы күтүлүүдө. Бул убакытта эң жогорку өсүүнүн 425 пайыз менен коргонуу жана авиация өнөр жайында болушу күтүлүүдө.

«Сабах» гезити Түркия жаңы муун ысынуу технологиясын экспорттойт» деген маалыматында борбору Америка болгон энергетика фирмасы өзгөчө жылуулук технологиясына жетишкендигин маалымдаган. Бор кенинен нанотехнология менен экологиялык энергия технологияларын чыгарган фирма Европанын чоң бир бөлүгүндө 50 жылдан эски имараттардын ысынышына салым кошот.  Аты азырынча жашырылган  фирманын башкаруу кеңешинин төрагасы доктор Малик Чаглар максаттарынын 10 жылда 1 миллиард долларлык технология экспортун ишке ашыруу экендигин айтты.



Тектеш кабарлар