Түрк басма сөзү 25.03.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1608196
Түрк басма сөзү 25.03.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: 2023-жыл Жеңиш жылы болот» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган 2023-жылдагы манифестин Адилеттик жана өнүгүү (АК) партиясынын 7-кезектеги Чоң Курултайында жарыялаганын маалымдаган. Эрдоган курултайдан кийинки ыраазычылык сөзүндө: «2023-жыл Жумхур альянсы үчүн жеңиш жылы болот», - деди. Эрдоган курултайдагы жарактуу 1428 добуштун бардыгын алып, АК партиянын төрагасы болуп кайрадан шайланды.

«Стар» гезити «Түркиядан АКШга С-400 жообу» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Брюсселде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушканын жазган. Чавушоглу:  «Биз Блинкен менен конструктивдүү жолугушуу өткөрдүк. Орусиядан С-400дү алып алганбыз жана бул маселе биз үчүн бүткөнүн айттык. АКШнын мамлекеттик катчысы менен Түркия же АКШда андан кеңири жолугушууну ишке ашырууга макулдаштык»,-деди.

«Сабах» гезити «Министр Кожа 1,4 миллион Biontech вакцинасы Түркияда» аттуу маалыматында саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын социалдык медиада бөлүшкөн маалыматында, 1,4 миллион даана Biontech вакцинасынын Түркияга келгенин жана коопсуздугу текшерилгенден кийин жарандарга эмделе баштай турганын жарыялаганын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «НАТО: Эч бир шериктеш Түркия сыяктуу качкынды баш калкалаткан эмес» деген кабарында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунан кийинки билдирүүсүндө, Түркиянын маанилүү шериктеш экендигин белгилеп, «Түркиянын Ирак жана Сирия менен чектешкенин жана эл аралык терроризмге каршы күрөштө маанилүү роль ойноодо. Башка бир дагы шериктеш Түркия сыяктуу качкындарды баш калкалата алган эмес»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Bitci Teknoloji жана Формула 1 командасынан McLaren ортосундагы кызматташтык келишими» деген маалыматында Bitci Teknoloji жана Формула 1 командасынан McLaren ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлганын маалымдаган. Келишимге ылайык, Bitci Teknoloji компанияларынын бири Bitci.com логотиби McLaren Formula 1 Team унааларында жана учкучтардын шлеминде орун алат. Ошентип, бул жааттагы Формула-1 уюмуна биринчи жолу түрк компаниясы катышат.

 



Тектеш кабарлар