Түрк басма сөзү 24.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1607354
Түрк басма сөзү 24.03.2021

 «Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан дипломатиялык сүйлөшүүлөр» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Италиянын премьер  - министри Марио Драги менен телефон аркылуу, андан кийин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен видеоконференция аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Эрдогандын Драги менен сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү, миграция кризиси, виза эркиндиги менен аймактык маселелер каралды. Меркель менен сүйлөшүүсүндө Түркиянын Эгейде жана Чыгыш Жер Ортолук деңизде чыңалууну эмес, кызматташууну жактагандыгын көрсөткөнүн баса белгилеген Эрдоган диалогдун түшүмдүү улантылышы үчүн Грециянын колдоого алынышы керектигин айтты.

«Сабах» гезити «Европа Биримдиги Түркия менен соода байланыштарын тереңдетүүгө даяр» деген макаласында Британиянын Reuters агенттиги билдиргендей, ушул жумада боло турган Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинде  кабыл алынуучу акыркы декларациянын долбооруна ылайык лидерлер, Европа Биримдиги Комиссиясына Түркия менен Бажы Биримдигин жаңылоо, уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Өзгөчө Түркия жана Европа Биримдигинин ортосунда жогорку деңгээлдеги жыйындар менен дипломатиялык жолугушуулар өткөрүлөт.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу : ПКК/ЙПГ Ирак жана Сирия үчүн да коркунуч» деген маалыматында Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Мевлүт Чаушоглунун ПКК/ЙПГ террордук уюмдун Ирак жана Сирия үчүн да коркунуч экендигин айтканын белгилеген. Чавушоглу Түркиянын бардык террордук уюмдар менен күрөшүнүн улантыларын айтты. Чавушоглу Түркиянын Афганистанда тынчтык процесси үчүн жогорку деңгээлдеги жыйынды өткөрөрүн белгиледи.

«Стар» гезити «Кытайдан Түркияга расмий сапар» деген кабарында Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Инин Түркияга расмий сапар менен келерин маалымдаган. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Ванг И 24 – 26 – март күндөрү өлкөбүзгө сапар менен келет. Жолугушууларда эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар каралат. Конок министрди урматтуу президентибиз Р. Т. Эрдогандын кабыл алышы да күтүлүүдө»,- деп билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Бангладешке көңүл айтуу жана колдоо» деген макаласында тышкы иштер министрлигинин Бангладеште аракандык качкындар жашап жаткан Кокс  -  Базардагы лагерде чыккан өрттө каза болгондор үчүн көңүл айтылгандыгын жазган.  Маалыматта аракандык качкындарга  жана үй ээси Бангладеш өкмөтүнө карата колдоо баса белгиленип : «Өлкөбүз Рохиньгия качкындарына карата ар тармактагы гуманитардык жардам иштерин чечкиндүүлүк менен улантат»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар