Түрк басма сөзү  01.03.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1592676
Түрк басма сөзү  01.03.2021

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын маалыматы Түркияда калат» деген кабарында Президенттиктин санариптик алмашуу кеңсесинин төрагасы Али Таха Коч Google, Amazon, Facebook, Apple, Microsoft сыяктуу технология компанияларынын  эквиваленттерин Түркияда чыгарууну максат кылышкандарын айтканын кабарлаган. Коч : «Түркиянын маалыматы Түркияда калат. Бул үчүн жергиликтүү продукциялардын өзгөчө социалдык медиа платформалары жана учурунда кабарлашуу же  видео конференция тиркемелеринин  жергиликтүү эквиваленттерин өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Туризмде Британия кыймылдуулугу» деген маалыматында Британияда 17 -  майдан тарта Британия жарандарына эл аралык саякаттын эркин болорун жазган. Мугланын белгилүү Мармарис, Бодрум жана Фетхийе райондору британиялык туристтер эң көп тандаган жерлердин арасында. Туризм агенттиктери жана коноктоо комплекстеринин жетекчилери Шотландия, Түндүк Ирландия, Галлер менен Британияны камтыган Бириккен Королдуктагы эл аралык тур операторлору менен сүйлөшүүлөрдү баштады.

«Йени шафак» гезити «Пандемияда бир гана Түркия менен Кытай өстү» деген макаласында Ковид  - 19  пандемиясы  глобалдык өлчөмдө өсүү божомолдоруна абдан чоң таасирин тийгизгенин белгилеген.  3,6 пайыз жана 4 пайыздын арасында өсүшү күтүлгөн глобалдык экономика 4,3 пайызга кичирейди. Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жолугушкан чоң жыйырмалар өлкөлөрүнүн арасында бир гана Түркия менен Кытай өсүү көрсөттү.

«Стар» гезити «Учкучсуз улуттук аскердик учагы  үндүн ылдамдгындай ылдам болот» деген кабарында «Акынжы» чабуул коючу куралдуу учкучсуз аба аппаратынан кийин негизги максаттары Түркияны учкучсуз аскердик учактарга ээ кылуу экендигин айткан Байрактар фирмасынын жогорку башкаруучусу Халук Байрактар : «Учкучсуз аскердик учактарды  долбоорлоо этабындабыз. Үндүн ылдамдыгында учкан платформа болот»,- деди.

«Ватан» гезити «Голливуд жылдыздары Аясофияга келишти» деген маалыматында Анталияда тартылып жаткан "Беш көз" кинотасмасынын режиссеру жана сценаристи, британиялык Гай Ричи Стамбулдагы сапарынын алкагында Аясофия мечитине жана Топкапы сарайына барганын кабарлаган. Гай Ричи,  жубайы Жаки Эйнсли, америкалык актер Жош Хартнетт, продюсер Иван Аткинсон, Варнер Бросс менеджери Жош Бергер жана Мирамакстын башкы директору Билл Блоктон турган делегация жетекчилерден тарыхый жерлер жөнүндө маалымат алды.

 

 

 



Тектеш кабарлар