Түрк басма сөзү  27.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1571939
Түрк басма сөзү  27.01.2021

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Жакында 50 миллион доза вакцина өлкөбүзгө келет» деген кабарында Президент Р . Т. Эрдогандын президенттик комплексте өткөрүлгөн Социалдык дайындоо аземинде сөз сүйлөп : «Эң өнүккөн өлкөлөрдө вакцина кыйынчылыгы бар. Биз болсо ылдам түрдө вакциналарды алдыра баштадык. Биринчи этапта 50 миллион доза вакцина өлкөбүзгө келет»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Коронавирустун мутацияга учуроо мезгилин аныктай турган долбоор турмушка ашырылды» деген маалыматында саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму бирге жүргүзө турган, Европа Биримдигинин Кошулуудан мурда жардам каражатынын негизинде колдоого алынган «Ковид  - 19  менен күрөшүүдө улуттук көлөмүнүн күчтөндүрүлүшү» долбоору турмушка ашканын кабарлаган. Тест мөөнөтүнүн кыскартылышы, «генома анализи» эмгектери менен вирустагы мутациянын учурунда аныкталышын максат кылган долбоордун Түркиянын коронавируска каршы күрөшүү күчүн арттырышы күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Кызматташуу платформасы үчүн коңшудан Түркия сапары» деген маалыматында Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтин Кавказия аймагында алтылык кызматташуу платформасын түзүүнү каалагандарын жана ушул максатта аймак туруна чыкканын айтканын белгилеген. Зарифтин Түркияга да сапар менен келиши күтүлүүдө.

«Сабах» гезити «Ирак армиясына колдоо берүү үчүн Багдатка барышты» деген кабарында улуттук коргоо министрлигинин «Аскердик кеңешчилерибиз, НАТО Ирак Миссиясынын негизинде дос жана боордош Ирак армиясына колдоо көрсөтүү үчүн Багдатка барды»,- деп билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору менен Стамбул аэропорту Европада алдыңкы орунда» деген макаласында Стамбул аэропорту менен түрк аба жолдору Европа Аэронавигация Коопсуздук Уюмунун маалыматтарына караганда январь айынын үчүнчү жумасында Европанын эң башынан орун алганын белгилеген. Түрк аба жолдору 18 – 24 – январда күнүмдүк орточо 596 каттам менен европалык атаандаштарын артта калтырды. Стамбул аэропорту күнүмдүк 484 каттам менен Европадагы аэропорттордун арасында биринчи орунду алды.

 



Тектеш кабарлар