Түрк басма сөзү  26.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1571144
Түрк басма сөзү  26.01.2021

«Сабах» гезити « Калын : Эгей жана башка бардык маселелерди чечүүгө болот» деген кабарында Түркия менен Грециянын ортосундагы изилдөө тууралуу сүйлөшүүлөрдүн 61 -  туру кечээ Стамбулда Долмабахче иш алып баруу кеңсесинде өткөндүгүн жазган. Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жыйындан кийин соцтармактан : «Эгей жана башка бардык маселелерди чечүүгө болот»,- деп  билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Европа Биримдиги Түркия менен оң ылдамдыкты улантууну каалайт» деген макаласында Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясат боюнча жогорку өкүлү Жосеф Борелл менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун өткөн жумада Брюсселде өткөргөн жолугушууларынан кийин Европа Биримдиги жана Түркиянын акыркы жумалардагы оң ылдамдыкты улантуу тууралуу келишкендигин билдирген.

«Стар» гезити «Россия менен кол коюлду» деген маалыматында Россиянын вакцинасы Sputnik Vны Түркияда иштеп чыгуу  үчүн келишимге кол коюлганын маалымдаган. VisCoran дары өнөр жайынын башкаруу кеңешинин төрагасы Өзтүрк Оран : «Технология трансфери жана саламаттык сактоо министрлигиндеги проседуралар бүткөндөн кийин вакцинаны пайдалануу уруксаты алынат. Андан кийин Түркияда пилоттук өндүрүш болот жана массалык өндүрүшкө өтүлөт»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркияны тааныта турган 19 ашпозчу» деген кабарында маданият жана туризм министрлиги өлкө тышында Түркияны таанытуу үчүн 19 белгилүү ашпозчуну тандаганын белгилеген. Тизмеде  Masterchef программасы менен таанылган Сомер Сивриоглу, ашпозчу болгонго чейин профессионал шамал серфери болгон Кемал Демирасал, туз себүү кыймылы менен дүйнөлүк феноменге айланган касапчы Нусрет Гөкче, Франциянын борбору Парижде атактуу болгон Айлин Языжыоглу жана Арда Түркмөн сыяктуу ашпозчу программалары менен белгилүү ысымдар бар.

«Йени шафак» гезити «30 өлкөгө 3 000 тонна чай экспорту» деген маалыматында өткөн жылы Ризеден 30 өлкөгө 3064 тонна чай экспорттолгондугун жазган. Мурунку жылга салыштырмалуу экспорттолгон чай көлөмүндө 8 пайыз, наркында болсо 5 пайызга өсүү болду.



Тектеш кабарлар