Түрк басма сөзү  22.01.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1569016
Түрк басма сөзү  22.01.2021

«Сабах» гезити «Түркия Ковид  - 19 вакцинасын чыгарган биринчи он өлкөнүн арасында» деген кабарында Түркиянын Ковид  - 19 эпидемиясы процессинде стационардык дарылоодо жана эмдөөнү пландаштыруу менен дүйнөдө үлгү болууну улантып жатканын жазган. Ковид  - 19  эмдөөлөрүндө Түркия эң көп вакцина чыгарган 10 өлкөнүн арасына киргендиги белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу : Түркия – Европа Биримдиги карым  - катнаштарында позитив атмосферанын түзүлүшү маанилүү» деген макалада Брюсселде жолугушууларды өткөргөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарында позитивдүү атмосферанын түзүлүшү маанилүү. Муну улантууга боло турган абалга алып келүү үчүн так кадамдар керек»,- дегенин белгилеген.

«Стар» гезити «Албаниядан Эрдоганга күтүлбөгөн белек» деген маалыматында Албаниядагы көп үндүү бир музыка группасы Президент Р. Т. Эрдоган үчүн салттык ырга обон чыгарды. Youtubдан жарыяланган чыгармада Түркия жана Президент Эрдогандын Албанияга кошкон салымынан жана ачык колдоосунан сөз болуп, Лач жана Курбин шаарларында жер титирөөдөн улам курулган турак жайлар менен Фиерде курула турган ооруканага да орун берилген.

«Ватан» гезити «Байрактар жана АНКА жакында Европа асманында» деген кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк өзгөчө акыркы 5 жылда салынган инвестициялардын кыска убакытта Түркияны коргоо өнөр жайында чоңдор лигасына чыгарын белгилеп : «Европа асманында да Түркиядан сатып алынган «Байрактардын» жана АКНАлардын учканын көрөрүбүзгө ишенем»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Дөнмез : ТАНАПтан ушул күнгө чейин 9,1 миллиард метр кубга жакын газ агымы ишке ашты» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркия менен Азербайжандын энергетикада кызматашуунун маанилүү экендигин белгилеп : «ТАНАПтан 2021 -  жылы 4,9 миллиард метр куб, ушул күнгө чейин 9, 1 миллиард метр куб газ агымы ишке ашты»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар