Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-16

2129288
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрель күнү Кайсери шаарында “Шуша Азербайжан үйүнүн” ачылыш аземи болду жана Нахчыван Автономиялык Республикасынын 100 жылдыгы белгиленди. Учурда дүйнөнүн 15 өлкөсүндө 29 азербайжан үйү иштеп жатат.

9-апрель күнү Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Министр Байрамовду Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев кабыл алды. Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин ар кыл маселелерин талкуулашты.

9- апрель күнү Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга биринчи иш сапарын жасады. Казакстандын Премьер-министри Бектенов Бишкекте кыргыз кесиптеши Акылбек Жапаров менен жолугушту. Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын Премьер-министри Бектеновду кабыл алды.

Орусияда иш алып барган Орус-түрк ишкерлер биримдигинин делегациясы 8-10-апрель күндөрү Татарстанда түрдүү жолугушууларды өткөрдү. 9-апрелде Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов Орус-түрк ишкерлер биримдигинин директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушууда Татарстан-Түркия инвестициялык, соода-экономикалык карым-катнаштар талкууланды.

Татарстандын Раиси Рустам Минниханов 11-апрель күнү Кытай Эл Республикасынын Гирин провинциясына иш сапары менен барды. Облус бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Рустам Минниханов Гирин-Татарстан тегерек үстөл жыйынына катышты.

12-апрелде Минск шаарында Борбор Азия жана Орусиянын тышкы иштер министрлеринин 7-жыйыны болуп өттү. Жолугушууда соода, экономика, транспорт, энергетика жана маданий карым-катнаштар, өзгөчө терроризм менен күрөшүү темалары каралды.

Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тышкы иштер министрлеринин жыйыны да болуп өттү. Жыйында 2025-жылы Азербайжандын Генже жана 2026-жылы Казакстандын Алматы шаарлары Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин спорт борбору деп жарыяланды.

Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили 8-13-апрель күндөрү түрк республикаларына расмий иш сапарларын жасады. Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили 8-апрелде Өзбекстанга барды. Ташкентте Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили Өзбекстан парламентинин спикери Нурдинжон Исмаилов жана Өзбекстан Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту.

Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили 9-10-апрель күндөрү Ашхабадда Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

11-12-апрелде Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили Казакстанга расмий иш сапары менен барды. Шалва Папуашвили Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Парламенттин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Грузия парламентинин спикери Папуашвилини кабыл алды.

Окуялардан да көрүнүп тургандай, Орозо айт болгонуна карабастан түрк республикаларында маанилүү окуялар болду. Грузия Ортоңку коридорду эффективдүү пайдалануу үчүн бардык түрк республикалары менен кызматташтыкты өнүктүрүү керек экенин жакшы түшүнүп жатат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар