Президент Эрдогандын Иракка сапары

SETAнын / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Aжундун бул темадагы баа берүүсү

2133527
Президент Эрдогандын Иракка сапары

ЭРДОГАН ИРАККА МААНИЛҮҮ САПАР ЖАСАДЫ

Президент Эрдоган орчундуу учурда Иракка маанилүү сапар жасады. Эрдоган 22-апрелдеги сапарында Багдадда да, Эрбилде да тийиштүү жетекчилер менен абдан маанилүү жолугушууларды өткөрдү жана «Өнүгүү жолу» долбоорунан террор менен күрөшүүгө чейин бир топ темада маанилүү келишимдер түзүлдү. Түркия-Ирак стратегиялык өнөктөштүгүн конкреттештирүү жагынан маанилүү бир босогодон өтүлдү.

 SETAнын / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Aжундун бул темадагы баа берүүсү...

Түркия менен Ирак эки кошуна өлкө болсо да, алардын карым-катнаштарынын жүрүшүн караганыбызда салыштырмалуу туруксуз процесс экенин көрөбүз. Айрыкча Ирактын ичиндеги басып алуу, кагылышуу жана бийлик талашуу бул жерде чечүүчү болду. Бирок акыркы айларда эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык мамиле түзүүгө, кызыкчылыктарды бөлүшүүгө жаңы эрк пайда болду. Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жол картасын иштеп чыккан бул жаңы процессте тараптар министрлер жана техникалык делегациялар деңгээлинде көп жолу жолугуп, Эрдогандын 22-апрелдеги Иракка критикалык сапарынын алдында карым-катнаштардын жаңы мүнөзүн калыптандырышты. Сапар алдында тараптардын билдирүүлөрү Эрдогандын сапарына байланыштуу күтүүлөрдү арттырды. Бул да күтүлгөндөй болду.

Ирак тарабынан өтө кылдаттык менен тосулган президент Эрдоган, кесиптеши Абдуллатиф Решид жана премьер-министр Мухаммед Шиа Судани менен маанилүү жолугушуу өткөрдү. Жекеме-жеке жолугушуулардан кийин Багдаддагы өкмөт сарайында делегациялардын ортосунда жолугушуулар болду.

Тиешелүү жолугушуулардан кийин 26 түрдүү тармакта кызматташуу келишимине кол коюлду. Кол коюу аземинен кийин президент Эрдоган менен премьер-министр Судани да биргелеше маалымат жарыялашты. Эки тарап тең сүйлөшүүлөр абдан жакшы негизде өткөнүн жана стратегиялык өнөктөштүк эми калыптана турганын билдиришти. Бул контекстте «Биргелешкен кызматташтыктын стратегиялык алкактык келишимине» кол коюу өзгөчө мааниге ээ болду. Бул келишимдин субкомпоненттерин караганыбызда коопсуздук, терроризм менен күрөшүү, соода, экономика, чек арадан өткөн суулар жана билим берүү сыяктуу тармактарды камтыганын көрөбүз. Ошондой эле, бардык ушул актуалдуу темалар боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн биргелешкен туруктуу комиссиялар түзүлөрү айтылды. Премьер-министр Судани өз сөзүндө: «Биз Ирактын аймагынан башка өлкөгө кол салууга уруксат бере албайбыз» жана «Ирак менен Түркиянын коопсуздугу бөлүнгүс бир бүтүндүк»,-деп айтты. Судани мындан тышкары: «Түркия менен Ирактын ырааттуулугун камсыздай турган коопсуздук кызматташтыгы боюнча макулдаштык»,-деп маалымат берди. Бул жерде Түркиянын Ирактан талап кылган ПКК террору менен күрөшүүдө олуттуу ылдамдашуу боло тургандай. Учурда тышкы иштер министри Фидан, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жана улуттук чалгындоо уюмунун (MİT) төрагасы Ибрахим Калындын сапарлары жана андан кийинки «Коопсуздук механизми жолугушуулары» процессти бышып жетилтти жана ПККга Ирак тарабынан тыюу салынган уюм статусу берилди. Ошондой эле тараптардын ортосунда туруктуу коопсуздук механизми түзүлдү. Эрдогандын сапары жана Суданинин тиешелүү билдирүүлөрү менен бул процесстин дагы да бышып жетилээри түшүнүктүү.

 Терроризм менен күрөшүүдөн тышкары эки өлкө тең стратегиялык мааниге ээ болгон «Өнүгүү жолу» долбоорун конкреттештирүү меморандумуна кол коюу да абдан маанилүү окуя болду. Кызыкчылыктарды бириктирген бир мамиленин чыгарылышы болгон бул долбоор Перс булуңунан Түркияга чейин жете турган авто жол жана темир жол тармагын камтыйт. Өнүгүү жолу долбоору аймактык камсыздоо жана ташуу чынжырында маанилүү альтернатива болуп, эки өлкөнүн стратегиялык баалуулугун арттырат.

Президент Эрдогандын Ирактагы бардык этникалык жана секталык түзүлүштөргө бирдей аралыкта мамиле кылганын жана баарын бир туугандай көргөнүн айтканы да маанилүү болду. Түркия этникалык жана секталар аралык тең салмактуулук сактала турган туруктуу Иракты издеп жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Президент Эрдоган да Ирактын ырааттуулугу үчүн Багдад менен Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) ортосундагы карым – катнаштардын өз нугунда болушунун маанилүү экенин жана түркмөндөрдүн татыктуу позицияга жетишинин маанилүү экенин белгилеп, Түркиянын бул контексттеги позициясын ачык айтты.

 Президент Эрдогандын экинчи аялдамасы Эрбил болду. Эрдоганды аэропорттон Нечирван Барзани жана Месрур Барзани тосуп алды. Эрдоган Эрбилге болгон сапарында Нечирван Барзани жана Месрур Барзани менен катар Күрдистан Демократиялык партиясынын (KDP) төрагасы Месут Барзани менен да жолугушту. Тараптар 2016-жылдан бери биринчи жолу жолугушту. Учурда Күрдистан патриоттук биримдиги (КПБ), террордук уюм ПКК жана Багдаддагы кээ бир позициялардын кысымына кабылган КДПга Түркиянын колдоосун көрсөтүү жагынан бул сапар өзгөчө маанилүү болду. Түркия террордук уюм ПККга каршы чоң кургактык операциясына даярданып жатканда, КДПнын колдоосун дагы да арттырууну күтүүдө. Эрдогандын сапарында (Күрдистан патриоттук биримдиги) КПБ-ПКК карым-катнаштары да талкууланды. Түркия, КПБнын террордук уюм ПКК менен байланышы улана турган болсо, бул түзүмгө каршы аскердик варианттарды үстөлгө алып чыкты.

Жыйынтыктасак, Эрдогандын Иракка сапары абдан маанилүү учурга туш келип, эки өлкө үчүн жаңы бурулуш учурун билдирет. Ошондой эле аймактык чакырыктар менен катар келип чыккан орток кызыкчылыктар, эки өлкөнү биргелешип аракеттенүүгө үндөгөн негизги факторлор болуп саналса да, терроризм менен күрөшүү, Өнүгүү жолу долбоору, соода көлөмүн көбөйтүү жана суу маселеси сыяктуу негизги темаларда маанилүү өнүгүүлөр болоору күтүлөт.



Тектеш кабарлар