Алишер Навои жана Түрк дүйнөсү

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-8

2139050
Алишер Навои жана Түрк дүйнөсү

Урматтуу окурмандар! Бүгүн биз Кашкарлык Махмуддан кийин түрк тилине эң жакшы кызмат кылган инсан катары таанымал, орто кылымдардагы түрк маданиятында маанилүү орду бар акын, ойчул жана мамлекеттик ишмер Алишер Навои тууралуу кеп салабыз.

 “Мухакеметүл-Лүгатейн” аттуу эмгегинде түрк тили менен перс тилин салыштырып, көптөгөн жерлерде түрк тилинин перс тилинен жогору экенин мисалдар менен көрсөтүп, перс тилинде чыгарма жазгандардан түрк тилин коргогон Алишер Навои ким болгон? Алишер Навои 1441-жылы 9-февралда Гератта туулган. Анын атасы Кичкине Бахадыр - Тимур уулдарына кызмат кылып, Бабур Шахтын сарайында маанилүү орунду ээлеген киши болгон. Кошумчалай кетсек, анын чоң атасы Бү Саид Чичек, Хусейин Байкаранын чоң атасы Байкара Мырзанын жогорку даражалуу командирлик кызматын өтөгөн. 1452-жылы Кичкине Бахадыр уулу Алишерди Бабур хандын жанына жөнөткөн. Ал кезде Бабур хандын жанында Хусейин Байкара да болгон. Бабур хан, 1456-жылы Ирандагы айтылуу Мешхед шаарына барганда Хусейин Байкара менен Алишерди да ээрчитип алган. 1457-жылы Бабур Шах Мешхедде каза болот. Хусейин Байкара Гератка кайтып келет. Ал эми Алишер Навои ал жакта калып, билимин улантат. Ал учурда Тимуриддердин амири Сейид Хасан Эрдешир жардам берет. Алишер Мешхеддеги Имам Реза медресесинде окуп жүргөндө ирандык көптөгөн аалымдар жана акындар менен таанышып, алардын көбүнөн сабак алган. 1464-жылы Мешхедден Гератка келген Алишер бул жерде Эбу Саид Мырзанын кызматына кирет, бирок ойлору төп келишпеген соң Самаркандга барып, Хаже Желаледдин Фазлуллах Эбул-Лейсинин медресесинде окуган. 1469-жылы Абу Саид Мырза Аккоюнлу мамлекетине каршы Иракка жортуулга чыгат. Бул жортуулда Аккоюнлу мамлекетинин башкаруучусу Узун Хасан Абу Саит Мырзаны өлтүрөт. Бул кабардан кийин Султан Хусейин Гератты басып алып, 1469-жылы такка отурган. Хусейин Байкара тактыга отургандан кийин досу Алишер Навоини өзүнө чакырат. Бир айдан кийин Алишер Навои Самарканддан чыгып, ак сарайга отурукташып, өмүрүнүн акырына чейин Герат өкүмдарынын эң ишенимдүү кызматчыларынын бирине айланат. Ал өкүмдардын ордо кызматкери жана эң жакын кеңешчиси болгон. Өлкөнү башкарууда өкүмдардан кийинки сөзү өткөн киши Алишер Навои болгон. Документтерге мөөрдү үстүнө баспай астына мөөр баскан ыкмасы кийинчерээк расмий салтка айланган. 1500-жылы 31-декабрда Хусейин Байкара менен саламдашуу учурунда жүрөгү кармап, 3-январда дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Кудсийе мечитинин жанына курган мүрзөгө коюлган. Артында көптөгөн эмгектерди калтырган Навои Орто Азия түрк тилинин жана адабиятынын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген. Ошол себептен чагатай тили «Навои тили» деп бекеринен аталбаган. Чыгармалары Түркстанда гана эмес, Азербайжан жана Анадолу аймактарында да окулган. Алишер Навоини Осмон Дөөлөтүнүн акындары устат катары таанып, 15-кылымдан баштап ушул күнгө чейин ага арналган ырлар жазылган. Алишер Навои, океандай терең Диван поэзиясына түрк маданиятынан улуттук жана жергиликтүү элементтерин киргизген. «Мен түрк интеллигенциясына укуктарын кайтарып бердим деп ойлойм. Алар перс тилиндеги түрк тилин кемсинткен түшүнүксүз сүйлөмдөрдөн кутулуп, өз тилинин кандай тил экенин аңдап билишти. Түрк акындары бул жашыруун чындыкты ачыкка чыгарып көрсөтүүдөгү аракетимди түшүнүп, мени бата менен эскеришет деп ишенем. Мына ошондо гана жаным жай алат” деген атактуу сөзү “Мухакеметүл-Лүгатейн” чыгармасын жазып жатканда кагазга түшүрүлгөн. Акындын түрк тили жөнүндөгү ойлору жана ырларын жазуудагы максаттары төмөнкү сөзү менен жакшы түшүндүрүлөт: “Бардык түрк акындары перс тилин үйрөнүшкөн. Амиринен кулуна чейин ар бир түрк перс тилин үйрөнүүгө ашыгат. Ал эми перстердин эч кимиси түрк тилинде сүйлөй албайт, сүйлөсө дагы, алар тилибиздин терең маанисин түшүнбөйт.” Перс тили терең жана майда түшүнүктөрдү түшүндүрүүдө өтө копол тил болгон. А түрк тилинин курамында жана маңызында төп келишкен сөздөр көп болгон. Бирок муну түшүндүрүү билимдүү адамдардын парзы болгон. Өз доорунда бул кызмат Алишер Навоиге жүктөлгөн жана ал өтө ийгиликтүү аткарган. Жогоруда жазып калтырган сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Алишер Навои мамлекеттик ишмер жана акын гана эмес, түрк тилинин келечегинин куткаруучусу деп атоого боло турган маанилүү инсан. Анын эмгектери “Диван”, “Хамсе”, “Тезкире”, тил жана адабий чыгармалар, диний-ахлактык чыгармалары, тарыхый жана биографиялык чыгармалар, иш кагаздары жана кара сөз түрүндө жазылган чыгармалары боюнча классификацияланып каралат. Бүгүнкү күндө анын эмгектери көптөгөн мамлекеттердин, өзгөчө Франция, Орусия, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандын китепканаларында орун алып келет.

Бүгүнкү программада түрк элинин жүрөгүндө жашап келе жаткан Алишер Навоинин Түрк дүйнөсүнө кошкон салымы тууралуу кыскача сөз болду.

Прогамманы даярдаган Назгүл Кадырова.

KAYNAKLAR:

1. Ercilasun, Ahmet. B. (2004). Başlangıçtan Yirminci Yüzyıla Türk Dili Tarihi. Ankara: Akçağ Yay.

2. https://alisirnevayi.baskent.edu.tr/kw/menu_icerik.php?birim=678&menu_id=2https://islamansiklopedisi.org.tr/ali-sir-nevai

3. https://www.turkedebiyati.org/ali-sir-nevai

4. Köprülü, Fuat, (1989). Edebiyat Araştırmaları - 2, İstanbul.

5.Levend, Agâh Sırrı, (1965). Ali Şîr Nevâyî Nevâî, I. Cilt, Hayatı, Sanatı ve Kişiliği, Türk Dil Kurumu Yayınları, Ankara.

 

 



Тектеш кабарлар