Сакария Абхаз сыры

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-16

2131645
Сакария Абхаз сыры

САКАРИЯ АБХАЗ СЫРЫ

Катталган күнү: 03.05.2021

Кылымдар мурун Түркиянын Кара деңиз жээгиндеги Сакария шаарына көчүп келген кавказ тектүү абхаз элинин атынан коюлган «Абхаз сыры» Сакариянын Соода-өнөр жай палатасынын 2021-жылдагы кайрылуусу менен Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн катарына кирген. Абаза сыры деп да аталган бул сыр булалуу, сары түскө жана көбүнчө өрүлгөн түзүлүшкө ээ. Сыр булалуу түзүлүшүнөн улам ысык сууда чоюла алат. Абхаз сырын башка сырлардан айырмалап турган эң негизги өзгөчөлүк – кайнатылган сүт 40 градуска жеткенден кийин ага абдан аз өлчөмдө айран жана бир аз муздагандан кийин табигый сыр ачыткысынын кошулушу. Сүт ачытуу процессин аякташы үчүн 1,5 саатка калтырылат, андан кийин пайда болгон аралашма бычак менен кесилет. Кесилген бөлүктөр аралаштыргычты акырындан кол менен айлантып майдаланат. Суусун бир аз бөлүп чыгарган аралашма 30 мүнөт ысытылган суусу менен кайнатылат. Андан кийин ыңгайлуу өлчөмдөгү калып тандалып, калыптын үстү таза чүпүрөк менен оролот. Сырдын ысык кесимдери калыпка салынып, кайрадан суусун сарыктыруусу үчүн басым жасалат, андан соң идиштен алынган сыр массасы бычак менен алакандын чоңдугундай бөлүктөргө бөлүнөт. Майдаланган сыр дагы бир саат кайнатылат. Бышырылган сыр жумшарып, чоюлчаак жана ийкемдүү боло баштайт. Кайнагандан кийин сырга кургатылган чөптөрдү, өзгөчө кара зире менен тимьянды кошуп койсо болот. Муздатылган сыр бөлүктөрү туз менен жакшылап туздалгандан кийин мом кагазга ороп, кыспай банкага салып жаап коюш керек. Төмөнкү температурада 2 ай сакталгандан кийин абхаз сыры янтарь түскө ээ болуп жакшы жетилет жана эртең мененки дасторкондо өз ордун табат.



Тектеш кабарлар