Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-17

2132613
Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Борбор Азия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрель күнү Ташкентте Перс булуңундагы араб мамлекеттери-Борбордук Азия республикаларынын Тышкы иштер министрлеринин 2-кеңешмеси болду. Жыйынга Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Кувейт, Оман, Өзбекстан, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери катышты. Жыйында 2023-2027-жылдарды камтыган биргелешкен иш-чаралар планынын чоо-жайы талкууланды. Жыйындын соңунда орток декларация кабыл алынды. Перс булуңундагы Араб өлкөлөрү-Борбор Азия республикаларынын саммитинин 2025-жылы Өзбекстанда өтөөрү жарыяланды.

18-19-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанда мамлекеттик иш сапары менен болду. Өзбекстандын президентин Тажикстандын Президенти Эмомали Рахман аэропорттон өзү тосуп алды. Эки өлкөнүн президенттери тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосунда 28 келишимге кол коюлду. Президенттер Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы союздук келишимге кол коюшту. Рахман менен Мирзиёев "Made in Uzbekistan" жарманкесин чогуу кыдырышты. Президенттер Дүйшөмбүдө Өзбекстандын элчилигинин жаңы имаратын чогуу ачышты.

18-19-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстанда расмий иш сапары менен болду. Кыргызстандын президентин Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев аэропорттон өзү тосуп алды. Астанада эки өлкөнүн президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу жемиштүү өттү. Президенттердин төрагалыгы алдында Казакстан-Кыргызстан Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин 6-жыйыны болду. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ортосунда 7 келишимге кол коюлду. Президент Касым Жомарт Токаев Садыр Жапаровго «Достук» орденин тапшырды. Президенттер өз эне тилдеринде билдирүү жасашты. Казакстандын Президенти Садыр Жапаровдун эки элдин боордоштугун бекемдөөдөгү ролун жогору баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. 

Садыр Жапаров Казакстан Республикасына расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты. 

Мамлекет башчысы бул күн кыргыз эли үчүн өзгөчө күн экенин айтып, казак окумуштуусу Чокан Валиханов талаа “Илиадасы” деп атаган “Манас” эпосун сактоого жана изилдөөгө Казакстан элинин кошкон салымын таануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Президент өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы мамилелерде жаңы доор башталаарына ишенимин билдирди.

Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Аксакалдар менен интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөл жолугушуусу, Казакстан-Кыргызстан бизнес форуму, Жаштар форуму, Эл аралык Жусуп Абдырахманов конференциясы, Кыргызстан менен Казакстандын учурдагы көйгөйлөрүн чечүүдө илимди өнүктүрүү форуму болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Казакстандын космостук ишмердиги чөйрөсүндө тармактар аралык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген “Казакстан Гарыш сапары” Улуттук компаниясына барып,маалымат алды.

Тажикстан 20-апрелден тарта түрк жарандарына виза режимин киргизди. Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Москвада болгон теракттан кийин Түркия тажик жарандарынан виза талап кыла баштаган эле.

Бир тараптан Тажикстан медиасында Тажикстан парламентинин Түркия менен 2023-жылы кол коюлган аскердик техникалык келишимди 11-апрелде жактырганы тууралуу кабарлар чыкты. Бул кабарларда Түркия Тажикстанга учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алууга 1,5 миллион доллар, аскер кызматкерлерин даярдоого 62 миң доллар бөлө тургандыгы айтылган.

Борбор Азия республикаларынын жетекчилеринин окшош күндөргө дал келген иш сапарлары жана бул сапарлардын абдан жемиштүү болгондугу аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы интеграциянын тездик менен уланып жатканын айгинелейт. Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөнүн башка ири мамлекеттери жана регионалдык уюмдары менен жолугушууларды чогуу өткөрүп, өз кызыкчылыктарын биргелешип коргоону салтка айландырышты. Казакстанда болуп жаткан сел кырсыгына Борбор Азия өлкөлөрү биринчилерден болуп жардамга келишти. Чек ара маселеси чечиле элек Тажикстан менен Кыргызстандын Чек араны аныктоо комиссиясынын жетекчилери биргелешкен билдирүү тарата баштады. Бул окуялардын баары Борбор Азиянын келечеги кең болоорун айгинелейт.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар