Антеп баклавасы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-15

2128339
Антеп баклавасы
ANTEP BAKLAVASI

Антеп баклавасы

Катталган күнү: 28.03.2005

Түркиянын эң белгилүү таттуусу дегенде ойго биринчи келген Антеп баклавасы Газиантеп Өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2005-жылдан бери Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн арасында орун алууда. Антеп баклавасы көптөгөн жылдар бою устат-шакирт мамилесинде дасыккан чебер колдордун эмгеги менен жасалып келет. Баклаваны өндүрүүдө эң маанилүү элемент максималдуу калыңдыгы 3-4 сантиметрге жете турган баклаванын камырын өтө жука жаюу болуп саналат. Бул үчүн болжол менен 35-40 даана жука жайылган камыр керектелет. Баклаванын начинкасы болсо географиялык көрсөткүчү бар «Антеп мистеси», сары май жана каймак менен даярдалат. Баклава чеберлери алгач сары май менен майланган 15-20 даана жука камырды түбү майланган тегерек же бурчтуу алюминий табакка тизишет. Андан соң эң үстүнкү камырга каймактын кесимдери кошулуп, каймактын үстүнө болсо көп өлчөмдөгү Антеп мистеси себеленет. Андан кийин бул аралашманы 15-20 даанадан турган жука камыр менен жаап, курч бычак менен баклава каалагандай кесилет жана үстүнө эриген май куюлат. Духовкада жарым сааттай бышырылган баклаванын үстүнө духовкадан чыгаары менен ысык шербет куюлуп, бир аз тыныктырылат. Учурда жаңгак, каймак жана мисте менен жасалган Антеп баклавасы күнүмдүк керектөөнүн да, чакыруу, той, майрам сыяктуу өзгөчө күндөрдүн да алмаштыргыс даамы.



Тектеш кабарлар