Хорезм доорунун чыгармалары

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-6

2127508
Хорезм доорунун чыгармалары

        Урматтуу окурман! «Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр» программабыздын бул жолку чыгарылышында Түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрүндө маанилүү орунга ээ болгон Хорезм доору жана ошол мезгилде жазылган эмгектер тууралуу кеп салабыз.

        Бүгүнкү күндө территориясы Өзбекстан жана Түркмөнстандын аймактарынын ичинде калган Хорезм династиясы 12-кылымдан бери маданий борбор болуп келген. «Хорезм» сөзү бир уруунун атынан келгенин тарыхый маалыматтар тактайт. Ал эми изилдөөлөрдө бир доордун атын камтыган түшүнүктү, алгач Алишер Навоинин «Межалисү'н-Нефайс» аттуу эмгегинде Хүсейин Харезми аттуу аалымдан сөз кылган жерде кездештиребиз. Хорезм – 11-кылымдын башында Газневилердин карамагындагы аймак болгон. Ал аймакты башкаргандарды Хорезмшахтар деп аташкан. Хорезмшах династиясы Огуздардын Бейдили уруусунан чыккан Ануш Тигинден башталат. Моңгол баскынчылыгына дуушар болгон бул аймактагы кээ бир уруулар көчүп кете башташкан. Ушул себептен Хорезм мамлекетин алсыраткан Чынгызхан аскерлерлери болгон деп айтууга болот. Андан кийин Желаледдин Харземшах душмандары моңголдор жана грузиндерди бир нече жолу жеңгени менен мамлекетти мурунку абалына кайтара алган эмес. Анадолу Селжуктары менен да согушкан Желаледдин Харземшах жалданма аскер тарабынан өлтүрүлгөндө Хорезм мамлекети расмий түрдө жоюлган. Бул саясий түзүлүштөрдүн натыйжасында Хорезм аймагы түрктөргө өткөн. Аймакка каңды, кыпчак жана огуз урууларынын отурукташуусу менен Хорезм түрк тили калыптанып, 12-кылымда маданий борборго айланган.

        Бул мезгилдин тилдик өзгөчөлүктөрүнө көз чаптырсак, араб жана перс тилдеринин түрк тилине тийгизген таасиринин басымдуу болгонун байкоого болот. Буга чейин жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Хорезм дооруна таандык чыгармалар аныкталып, түрк тилинин тарых барактарынан орун алган. Тартип менен караганыбызда, Хорезм доорунун алдыңкы эмгектеринин бири Земахсеринин «Мукаддимету'л-Эдеб» чыгармасы болуп саналат. “Адабиятка киришүү” деген маанини билдирген бул эмгек арап тилин үйрөнүүчүлөрү үчүн кыска сүйлөмдөр жана сөздөрдөн турган практикалык сөздүк. Дагы бир эмгек – “Кыскасуъл-Энбия” деп аталып, ошол доордун белгилүү аалымы Рабгузинин 1311-жылы жазган “Пайгамбарлар окуясы” жөнүндөгү китеби. Ал эми “Муину'л-Мурид” же болбосо “Шакирттин жардамчысы” деген маанини туюндурган чыгарма Ислам аттуу акын тарабынан жазылган 900 куплеттен турган адабий китепти дагы айтуу зарыл. Хорезм акыны Кутб жазган «Хүсрев жана Ширин» чыгармасы да ушул мезгилге таандык. Чыгарманын темасы – Сасаниддердин өкүмдары Хүсрев менен армян өкүмдарынын бир тууганы Шириндин сүйүүсү тууралуу баян. 4370 куплеттен турган көлөмдүү чыгарма болуп саналат. Ал эми Махмуд бин Али тарабынан жазылган «Асмандардын ачык жолу» маанисин билдирген  дагы бир эмгек түрк адабиятындагы кырк хадис котормосунун биринчи үлгүсү болуп саналат. Чыгарма төрт баптан түзүлүп ар бир бөлүм он бөлүмдөн жазылган көлөмдүү эмгек катары бааланат. Кийинки чыгарма Харезми тарабынан 1353-жылы он кичинекей аталышта жана месневий түрүндө жазылган «Мухаббетнаме» аттуу эмгек Хорезм доорундагы чыгармалардын тизмесин толуктайт. Түрк тилине которулган ошол доордун Куран котормосу дагы Хорезм дооруна таандык. Бул котормонун тилдик өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталган жалгыз нускасы Стамбулдагы Сулеймание китепканасында сакталып келет. Ал эми диний чыгарма болгон Мираж-наме, аты айтып тургандай эле чыгарманы ким жазганы белгисиз болсо да, Мираж окуясын сүрөттөйт. Бул доордун жазма эстеликтери, кол жазма чыгармаларынын бир тобу, мунун ичинде ошол мезгилдин бир нече  жарлыгы жана каттары дүйнөнүн ар кайсы китепканаларында сакталып келет.

        Бул чыгармалар түрк тилинин жазма тарыхында мазмуну менен да, тилдик өзгөчөлүктөрү менен да чоң мааниге ээ. Караханиддер менен Чагатай династиясынын ортосунда өткөөл доордогу бул эмгектер изилдөөлөрдө көп эскерилет. Чыгармалардын мазмуну боюнча караганда көбүнчө диний темалардын дидактикалык мүнөздө жазылганын көрүүгө болот. Ал эми тилдик өзгөчөлүктөрүнө баам салсак, чыгармалардын түрк тилинде жазылганы Ислам маданиятынын жанында Түрк маданиятынын да салттуу түрдө жашап жана корголгонунан маалымат берет.

           Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программада Хорезм доорундагы түрк тили тууралуу жалпы маалымат берилди.

ТРТТүркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган:  Назгүл Кадырова  

 

KAYNAKLAR:

1. ERCİLASUN, Ahmet. B. (2004). Başlangıçtan Yirminci Yüzyıla Türk Dili Tarihi. Ankara: Akçağ Yay.

2. KUYMA, Erol, (2015). Harezm Dönemi Türkçesi ve Eserlerine Genel Bir Bakış. Hitit Üniversitesi Sosyal Bilimler Enstitüsü Dergisi. Yıl 8, Sayı 1, Haziran 2015, ss. 367-383

3. ATA, Aysu (2002). Harezm-Altınordu Türkçesi, İstanbul.

4. BAYAT, Fuzuli. (2003). Türk Dili Tarihi. Ankara.



Тектеш кабарлар