Салам берем

Анткени - 15.2024

2126299
Салам берем

   Урматтуу радио угармандар, бүгүнкү программабызда  сиздерге күнүмдүк турмушта адамдардын арасындагы позитивдүү мамилени арттырган кичинекей, бирок маанилүү жүрүм-турум, саламдашуу тууралуу сөз кылабыз. Бүгүнкү маегибизди “салам берем анткени” деп баштайбыз.

Тилибизге араб тилинен кирген «салам» сөзү тынчтык, ишеним, аманчылык дегенди билдирет. Саламдашуу бир адамга же бир топко жакындык, сүйүү жана боорукердик көрсөтүү, аманчылык жана ийгилик каалоо дегенди билдирет.

Саламдашуу социалдык таасирлешүүдө маанилүү бир кадам жана бардык маданияттарда оптимисттик, сый жана  байланыш куруу жөндөмдүүлүктөрүн чагылдырган негизги жүрүм  - турум катары кабыл алынат. Саламдашуу  адамдарга биринчи оң таасир калтыруунун жана түшүнүү менен баарлашуу чөйрөсүн түзүүнүн биринчи кадамы болуп саналат.

Социалдык бир жандык болгон  адамдардын сергек коомдук жашоодо жашоосунда саламдашуунун маанилүү ролу бар.  Саламдашуу – бул адамдардын ортосундагы социалдык байланыштарды түзүүнүн жана коомчулукка интеграциялоонун бир жолу. Башка бир адамда  оң таасир калтырган саламдашуу көпкө созулган мамилелердин пайдубалын түптөөдө роль ойнойт.

Биринчи жолу жолукканда сылык жүрүм-турумду көрсөтүү, биз башка тараптан бир нерсе кааласак, каалоолорубузга жетүүнү жеңилдетет. Мисалы, дүкөнгө же банкка салам айтып киргенибизде кызматкерлер чын ыкластан, жылмаюу менен кайрылышканына баарыбыз күбө болобуз.

Салам берүү сүйлөшүүнү баштоонун жана улантуунун биринчи баскычы болгондой эле маданий нормаларга жана күтүүлөргө баш ийүү деген мааниге да келет . Күтүлгөн жүрүм-турумду көрсөтүү адамдардын коомдук гармониясын жогорулатып, өндүрүштүк социалдык топтордун калыптанышына өбөлгө түзөт.

 Саламдашуу стилдери маданияттан маданиятка жана аймактан аймакка жараша айырмаланса да,  негизинен башка адамдарга сылык жана сый мамиле кылуунун бир жолу катары каралат. Тааныбаган бир адамга аманчылык тилөө жана бизден ага   зыян келтирбей турганыбызды белгилеген  саламдашуу менен сүйлөшүүнү баштоо – күчтүү коом түзүү үчүн жөнөкөй, бирок натыйжалуу кадам. Сөзүбүздүн акырында мен сиздерге салам айтам, анткени мен бактылуу коомдо жашагым келет.



Тектеш кабарлар