1 саат  60 минута

Анткени - 17.2024

2131130
1 саат  60 минута

Сүйүктүү окурмандар,  бүгүнкү программабызда беш минутасын колдоно турган бир сааттык убакыт тилиминин эмне себептен  алтымыш минута болгондугу тууралуу токтолобуз. Бир сааттын эмне себептен жүз эмес, жыйырма эмес алтымыш минута экендигин ойлодуңузбу? Ошондой эле бир күн эмне себептен  24 саат?

Жердин өз огунда айланышы бир күн, Күндүн айланышы билгенибиздей бир жыл. Бул бирдиктер биздин галактика үчүн белгиленген болсо да, алар ар бир планета үчүн айырмачылыкты көрсөтөт.  Мисалы, Юпитер Күндүн айланасында айлануусун Жердин өлчөмү боюнча төрт миң үч жүз отуз үч күндө аяктайт. Күн жана жыл түшүнүктөрү адамдын аң-сезиминен көз карандысыз космологиялык кубулуштар.

Айлар, жумалар жана сааттар жөнүндө эмне айтууга болот? Бул убакыт бирдиктери адамзат цивилизациясынын ойлоп табуусу. Дыйканчылык менен адамдар отурукташып, тамак-аш, суусундук жана баш калкалоо сыяктуу негизги муктаждыктарын оңой эле канааттандыра ала турган абалга келишти.  Байыркы убакта Месопотамия менен Египетте жашаган адамдар бирде күнүмдүк керектөөдөн, бирде  кызыгуудан улам бүгүнкү математиканын пайдубалын түптөштү.

Болжол менен эки миң үч жүз жыл мурун байыркы Грецияда жердин айланасынын болжолдолушу менен убакытты өлчөөнүн маанилүү бир баскычы катталат. Ал мезгилде Вавилон цивилизациясы тарабынан иштелип чыккан алтымыштык саноо системасы кенен жайылгандыктан бул болжолдуу жыйынтык алтымышка бөлүнүп бүгүн биз түшүнбөгөн кеңдик чөйрөлөрү түзүлөт. Айлананын ички бурчтары 360 градус деп эсептелгендиктен, тегерек 360 градуска, бир жыл 360 күнгө, бир саатка 60 мүнөткө, бир мүнөткө 60 секундага барабар деп эсептелет. 60 саны эсептөөдө чоң ыңгайлуулукту түзөт анткени аны 2, 3, 4, 5, 6, 10, 12, 15, 20 жана 30га калдыксыз бөлүүгө болот.

Метрикалык система жана ондук система бүгүнкү күндө убакытты өлчөөдө көбүрөөк колдонулса да, бул салтка негизделген сааттар 60 мүнөт жана мүнөттөр 60 секунд. Биз алдыдагы бөлүмдөрдө адамзат тарыхында иштелип чыккан календарь жана саат системалары жөнүндө сөз кылууну пландап жатабыз. Бүгүн  “Бир саатта алтымыш мүнөт бар анткени күндү бөлүүнү ойлонгон алгачкы аалымдар ушундай деп белгилешкен". 



Тектеш кабарлар