Түркия буудай уну экспортунда 10 жылдан бери алдыңкы орунда
Дүйнө банкынын акыркы маалыматтарына көңүл бурулганда буудай уну экспортунда 2022- жылдан тарта 10 жылдан бери Түркия алдыңкы орунда.
2121603
Дүйнө банкынын акыркы маалыматтарына көңүл бурулганда буудай уну экспортунда 2022- жылдан тарта 10 жылдан бери Түркия алдыңкы орунда.
Түркия 2013-жылы 2,1 миллион тонна буудай унун экспорттосо, бул тармактагы экспорт 2016-жылга чейин тынымсыз өсүп, 3,5 миллион тоннага жетти.
2017 - 2021 - жылдар аралыгында экспортто төмөндөө болгонуна карабастан, бул Түркиянын дүйнөлүк экспорттогу лидерлигине таасирин тийгизген жок. Экспорт 2022 - жылы 3,1 миллион тонна болуп катталган.
Ушундайча Түркия 2013-2022-жылдар аралыгында буудай унун экспорттоодо үзгүлтүксүз биринчиликке жетишти.
Бул мезгилде экспорт 43,8 пайызга өстү. Экспорт боюнча өзгөчөлөнгөн башка өлкөлөр Казакстан, Германия, Өзбекстан, Аргентина жана Индия болду.