Жевдет Йылмаз Түркия-Танзания бизнес форумунда сөз сүйлөдү

Йылмаз: «21-кылым Африка жана Түркия кылымы болот»,-деди.

2129942
Жевдет Йылмаз Түркия-Танзания бизнес форумунда сөз сүйлөдү

Вице-президент Жевдет Йылмаз Түркиянын Африка континенти менен соода көлөмүнүн 2023-жылы 37 миллиард долларга жете турганын айтты.

Жевдет Йылмаз Стамбулда өткөрүлгөн Түркия-Танзания бизнес форумунда сөз сүйлөдү.

Түркиянын Африка континенти менен 2003-жылы 5,4 миллиард доллар болгон соода көлөмүнүн 2023-жылы 37 миллиард долларга жете турганын билдирген Жевдет Йылмаз: «Бул мезгилде экспортубуз 2,1 миллиард доллардан 22 миллиард долларга, импортубуз 3,3 миллиард доллардан 15 миллиард долларга өстү. Танзания болсо өзгөчө акыркы реформалары жана жетишүүсү күтүлүп жаткан жогорку өсүү темптери менен өлкөбүздүн Африкадагы эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болуп калды»,-деди.

Жевдет Йылмаз Түркиянын дос өлкө Танзания менен 2003-жылы болжол менен 11 миллион доллар болгон эки тараптуу соода көлөмүнүн 2023-жылы 350 миллион долларга жеткенин баса белгиледи.

Түркия-Танзания соода карым-катнаштарында потенциалды толук колдонуунун мезгили келгенин айткан вице-президент Йылмаз: «21-кылым Африка жана Түркия кылымы болот»,-деди.



Тектеш кабарлар