Түркиянын бал экспорту

Экспорттон 8 миллион 187 миң 58 долларлык киреше түштү.

2132110
Түркиянын бал экспорту

Түрк балы жылдын биринчи чейрегинде 38 өлкөгө сатылды.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, дүйнөлүк бал өндүрүүдө Кытайдан кийин экинчи, экспортто 16-орунда турган Түркия жылдын биринчи чейрегинде 2 миң 133 тонна бал экспорттоду. Аталган тышкы сатуудан 8 миллион 187 миң 58 долларлык киреше түштү.

Балдын экспортунда 2 миллион 477 миң 57 доллар менен АКШ биринчи орунга чыкты. Бул өлкөдөн кийин 2 миллион 38 миң 698 доллар менен Германия жана 538 миң 628 доллар менен Испания турат.

Жылдын биринчи чейрегинде 2023-жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Канада, Венесуэла, Филиппин, Чехия, Франция, Албания, Непал, Швейцария жана Мароккого да бал сатылды.



Тектеш кабарлар