Түрк чайынын экспорту

Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.

2130770
Түрк чайынын экспорту

Январь-март айларынын аралыгында Түркиянын чай экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга өсүп 8 миллион 555 миң 356 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда, Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.

2023-жылдын январь-март мезгилинде 7 миллион 107 миң 943 доллар болгон чай экспорту быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде 20 пайызга өсүп 8 миллион 555 миң 356 долларды түздү.

Өткөн жылдын биринчи чейрегинде 1465 тонна болгон түрк чайынын экспорт көлөмү быйыл ушул эле мезгилде 1828 тоннага жетти.

Түрк чайына эң көп суроо талап Бельгия, Улуу Британия жана АКШдан болду.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Либерия, Мавритания, Хорватия, Камерун, Габон, Польша, Тунис, Египет, Түштүк Судан, Дубай, Бурунди, Бразилия, Борбордук Африка Республикасы, Венесуэла, Экватордук Гвинея, Куба, Жибути, Ангола жана Гамбияга да чай сатылды.



Тектеш кабарлар