Түркиянын эмерек экспорту өстү

Түркиянын жыгач иштетүү федерациясынын төрагасы Хүсейин Таклажы сектордун экспорт көрсөткүчтөрүнө байланыштуу Кайсериде билдирүү жасады.

2132114
Түркиянын эмерек экспорту өстү

Түркиянын эмерек экспорту 6 жылда төрт эсеге өстү.

Түркиянын жыгач иштетүү федерациясынын төрагасы Хүсейин Таклажы сектордун экспорт көрсөткүчтөрүнө байланыштуу Кайсеридеги билдирүүсүндө: "2018-жылы 2 миллиард 65 миллион доллар, 2019-жылы 3 миллиард доллар, 2020-жылы 5,5 миллиард доллар, 2021-жылы 6,9 миллиард доллар, 2022-жылы 7,4 миллиард доллар жана 2023-жылы да 8 миллиард долларга жакын экспортту ишке ашырдык”,-деди. 

Быйыл экспортто дагы жакшы позицияда боло тургандарын айткан Таклажы, эмерек экспортунда Кытайдын дүйнө лидери, Түркиянын болсо 9-орунда экенин билдирди.



Тектеш кабарлар