Түркияда жумушсуздук азайды

Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) 2023-жылга карата жумуш күчү статистикасын бөлүштү.

2119737
Түркияда жумушсуздук азайды

Түркияда жумушсуздук көрсөткүчү 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 1 пунктка азаюу менен 9,4 пайызга кыскарып, акыркы 10 жылдын эң төмөнкү деңгээлин түздү.

Түркиянын статистика мекемеси (TUIK) 2023-жылга карата жумуш күчү статистикасын бөлүштү.

Буга ылайык 15 жана андан жогорку жаштагы жумушсуздардын саны 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 318 миң кишиге азайып, 3 миллион 264 миң адамды түздү.

Жумушсуздуктун деңгээли болсо 1 пунктка төмөндөп 9,4 пайыз болду.

Ал эми иш менен камсыз болгондордун саны 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 880 миң кишиге көбөйүп 31 миллион 632 миң кишиге, жумуштуулук көрсөткүчү болсо 0,8 пунктка өсүп 48,3 пайызга жетти.



Тектеш кабарлар